Аялына арткы жол аркылуу жакындык кылган киши каргышка калган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Аялына арткы жол аркылуу жакындык кылган киши каргышка калган».
«مَلْعُون مَنْ أتَى امرأتَه في دُبُرِها».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күйөөсү аялына арткы тарабынан жакындык кылуусуна болбостугун эскерткен. Анткени ал каргышка калып, Аллахтын ырайымынан куулат жана бул чоң күнөөлөрдүн бири болуп саналат.
Аялдарга арт жагынан жакындык кылууга тыюу салынат.
Аялынын денесинин арткы жолунан башка жерлеринен ырахат алууга уруксат.
Мусулман адам аялына Аллах буйругандай алды тарабынан жакындык кылат. Ал эми артынан жакындык кылуу адамдын таза табиятын бузат, тукумду жоготот, соо табият талап кылган нерсеге каршы келет жана жубайларга өтө чоң зыян алып келет.
Сунан Абу Дауд (3/ 489) (2162).
Сунан ал-Кубра лин-Насааи (8/ 200) (8966).
Муснад Ахмад (15/ 457) (9733).
Дагы (8)
نيل الأوطار.
للشوكاني (6/ 237).
سبل السلام.
للصنعاني (2/ 202).
توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.
للبسام (5/ 346).
فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (4/ 535).