Skip to content

Акыр заманда курактары жаш, акылдары тайкы бир коом келет. Алар жаратылгандардын эң жакшы сөзүн айтышат. Жебе бутаны тешип чыгып кеткени сыяктуу, алар да Исламдан чыгып кетишет.

Али (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип айтат: Эгер мен силерге Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадис айтсам, анын атынан жалган сүйлөгөндөн көрө, асмандан кулап түшкөнүм мага артыгыраак. Ал эми силерге өз арабыздагы иштер жөнүндө айтсам, анда согуш – айла-амал. Мен Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:

"Акыр заманда курактары жаш, акылы тайкы бир коом келет. Алар жаратылгандардын эң жакшы сөзүн сүйлөшөт. Жебе бутаны тешип чыгып кеткени сыяктуу, алар да Исламдан чыгып кетишет. Алардын ыйманы кекиртектеринен ары өтпөйт. Аларды көргөн жерде өлтүргүлө. Анткени аларды өлтүргөн адам үчүн Кыямат күнү сооп бар."

«يَأْتِي فِي آخِرِ الزَّمَانِ قَوْمٌ حُدَثَاءُ الأَسْنَانِ سُفَهَاءُ الأَحْلاَمِ، يَقُولُونَ مِنْ خَيْرِ قَوْلِ البَرِيَّةِ، يَمْرُقُونَ مِنَ الإِسْلاَمِ كَمَا يَمْرُقُ السَّهْمُ مِنَ الرَّمِيَّةِ، لاَ يُجَاوِزُ إِيمَانُهُمْ حَنَاجِرَهُمْ، فَأَيْنَمَا لَقِيتُمُوهُمْ فَاقْتُلُوهُمْ، فَإِنَّ قَتْلَهُمْ أَجْرٌ لِمَنْ قَتَلَهُمْ يَوْمَ القِيَامَةِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Момундардын амири Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп кабарлайт: Эгер менин Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадис айтканымды уксаңар, анда мен каймана мааниде да, кыйытып да, жашырып да сүйлөбөйм, тескерисинче, ачык-айкын айтам. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөнүндө жалган сүйлөп хадис айтканга караганда, асмандан кулап түшкөнүм мен үчүн алда канча жеңил. Ал эми адамдар менен өзүмдүн ортомдогу нерселер тууралуу сүйлөсөм, албетте, согуш – бул айла-амал. Ошондуктан каймана мааниде да, кыйытып да, же жашырып да сүйлөшүм мүмкүн. Мен Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум: Акыр заманда курагы жаш, акылы тайкы жаштар чыгат. Алар Курандан сүйлөшөт жана аны көп окушат. Жаанын огу бутаны тешип өткөндөй, алар Исламдан чыгышат жана анын чектеринен ашышат. Алардын ыйманы кекиртектеринен ары өтпөйт. Ошондуктан, аларды көргөн жерде өлтүргүлө. Анткени аларды өлтүргөн адам үчүн Кыямат күнү сооп бар.

Хадистин пайдалары

Хавариждердин кээ бир сыпаттарын баяндоо.

Бул хадисте пайгамбарлыктын белгилеринин бири бар. Анткени Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнөн кийин үммөтүнө эмне болорун кабар берген жана ал кабар бергендей болду.

Согушта сөздү буруп жана кыйытып сүйлөөгө уруксат. Согуштагы куулук, сөздү буруп сүйлөө, буктурма коюу жана ушул сыяктуулар менен болот, бирок түзүлгөн келишимди жана амандыкты бузууга болбойт, анткени буга тыюу салынган.

Имам Навави «Адамзаттын эң жакшы сөзүн сүйлөшөт» деген сөз жөнүндө мындай деген: "Мааниси — сырткы көрүнүшүндө алардын «Өкүм Аллахка гана таандык» деген сөзү жана ушул сыяктуу Аллах Тааланын китебине чакыруулары."

Ибн Хажар «Алардын ыйманы кекиртектеринен ары өтпөйт» деген сөзү тууралуу мынтип айткан: "Мындан максат, алардын жүрөгүнө ыйман бекем орногон эмес. Анткени кекиртекке токтоп, андан ары өтпөгөн нерсе жүрөккө жетпейт."

Каазы Ияд мынтип айткан: "Аалымдар бир пикирге келишкен: хавариждер жана аларга окшогон бидатчылар менен көтөрүлүш кылгандар качан мусулман жол башчыга каршы чыгып, жамааттын пикирине каршы келип жана ынтымакты бузушканда, аларга эскертүү берилип, түшүндүрүлгөндөн кийин алар менен согушуу милдет болот.

Булактар

Сахих ал-Бухари (4/ 200) (3611).

Сахих Муслим (2/ 746) (1066).

Дагы (3)

النهاية في غريب الحديث والأثر (259)(866).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (20/ 264) (20/ 258).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (6/ 58).