Жаназа коюлуп, адамдар аны ийнине көтөрүп жөнөгөндө, эгер жакшы адам болсо: батыраак болгула дейт.
- التصنيف الشرعي
- العقيدةالإيمان باليوم الآخرأشراط الساعة
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:
«Жаназа коюлуп, адамдар аны ийнине көтөрүп жөнөгөндө, эгер жакшы адам болсо: батыраак болгула дейт. Эгер жакшы адам болбосо: Аттиң ай, кайда алып бара жатасыңар?! - дейт. Анын үнүн инсандан башканын баары угат, эгер инсан укканда эсинен танып (же өлүп) калмак».
«إِذَا وُضِعَتِ الجِنَازَةُ وَاحْتَمَلَهَا الرِّجَالُ عَلَى أَعْنَاقِهِمْ فَإِنْ كَانَتْ صَالِحَةً قَالَتْ: قَدِّمُونِي، وَإِنْ كَانَتْ غَيْرَ صَالِحَةٍ قَالَتْ: يَا وَيْلَهَا أَيْنَ يَذْهَبُونَ بِهَا؟ يَسْمَعُ صَوْتَهَا كُلُّ شَيْءٍ إِلَّا الإِنْسَانَ، وَلَوْ سَمِعَهُ صَعِقَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип кабарлайт: Сөөк табытка коюлуп, адамдар аны ийнине көтөрүп жөнөгөндө, эгер жакшы адам болсо, алдында көргөн ырахаттарга шашып: батыраак болгула дейт. Эгер жакшы адам болбосо, алдындагы азапты көрүп, коркунучтуу үн менен: Аттиң ай, кайда алып бара жатасыңар?! - деп кыйкырат. Анын үнүн инсандан башканын баары угат, эгер инсан укканда, уккан үнүнүн катуулугунан ага чыдабай эсинен танып калмак.
Такыба маркум кабырга коюлганга чейин сүйүнүчтүү кабарларды көрөт. Ал эми каапыр адам катуу коркууга түшөт жана мунун карама-каршысын көрөт.
Кээ бир үндөрдү инсандан башкалар угат, ал эми инсан аларды уга албайт.
Табытты аялдар эмес, эркектердин ийнине көтөрүүсү сүннөт. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарды жаназаны ээрчип баруудан тыйган.
Сахих ал-Бухари (2/ 85) (1314).
Сахих ал-Бухари (2/ 85) (1314).
Дагы (16)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 513).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 400).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (7/ 122).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (4/ 546).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 513).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 400).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (7/ 122).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (4/ 546).