Skip to content

Менин үммөтүмдөн үстөм болгон бир топ дайыма болот, аларга Аллахтын буйругу (кыямат) келгенге чейин алар үстөм болгон абалында болушат.

Мугира ибн Шуъба (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Менин үммөтүмдөн үстөм болгон бир топ дайыма болот, аларга Аллахтын буйругу (кыямат) келгенге чейин алар үстөм болгон абалында болушат».

«لاَ يَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي ظَاهِرِينَ، حَتَّى يَأْتِيَهُمْ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ ظَاهِرُونَ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнүн арасынан бир топ адамдар дайыма адамдарга үстөмдүк кылып, өздөрүнө каршы чыккандарды жеңип тураарын жана бул абал Аллахтын буйругу кыямат болоордон мурун, дүйнөнүн акыркы убагында алардын жандарын алуу боюнча Аллахтын буйругу келгенге чейин уланаарын кабарлады.

Хадистин пайдалары

Бул – Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ачык-айкын мужизасы. Анткени, бул сыпат, Аллахка шүгүр, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманынан бери азыркыга чейин уланып келе жатат жана хадисте айтылган Аллахтын буйругу кыямат келгенге чейин улана берет.

Акыйкатта бекем болуунун жана ага амал кылуунун пазилети жана ага үндөө.

Диндин үстөм болушу эки түрдүү болот: же далил, баян жана айкындык менен үстөм болуу, же күч-кубат жана курал менен үстөм болуу. Далил жана баян менен үстөм болуу дайым сакталат. Анткени Исламдын далили – Куран, ал өзүнөн башка бардык нерселерден үстөм жана өкүмдар болот. Бирок үстөм болуунун экинчи түрү болгон күч-кубат жана курал менен үстөм болуу – бул ыйманга жана жер бетинде бекемделүүгө жараша болот.

Булактар

Сахих ал-Бухари (9/ 101) (7311).

Сахих Муслим (3/ 1523) (1921).

Сахих ал-Бухари (9/ 101) (7311).

Сахих Муслим (3/ 1523) (1921).

Дагы (2)

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (33/ 18).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (33/ 18).