"Деңиздин суусу таза, өлүмтүгү адал" - деп жооп берди.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Бир киши Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суроо берип мындай деди: О Аллахтын элчиси, биз деңизде жүрөбүз. Жаныбызда аз гана суу болот. Эгер ал сууга даарат алсак, ичкенге суубуз жок чаңкап калабыз. Деңиз суусуна даарат алсак болобу? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Деңиздин суусу таза, өлүмтүгү адал" - деп жооп берди.
سَأَلَ رَجُلٌ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّا نَرْكَبُ البَحْرَ، وَنَحْمِلُ مَعَنَا القَلِيلَ مِنَ الْمَاءِ، فَإِنْ تَوَضَّأْنَا بِهِ عَطِشْنَا، أَفَنَتَوَضَّأُ مِنَ الْبَحْرِ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «هُوَ الطَّهُورُ مَاؤُهُ، الحِلُّ مَيْتَتُهُ».
Бир киши Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурайт: Биз балык уулап, же соода кылып же башка иштер менен кемеде көп жүрөбүз. Жаныбызда иче турган таза суубуз аз болот. Эгер ал сууну даарат же гусул үчүн пайдалансак, ичкенге суу таппай калабыз. Бизге деңиздин суусунан даарат алганга болобу? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип жооп берди: Деңиздин суусу таза, тазалаганга да жарактуу. Ага даарат алууга да, жуунууга да болот. Суу бетине чыгып калган кит, балык жана башка деңиз жандыктары жегенге да адал. Кармалбай, өлүп суу бетине калкып чыгып калса деле адал.
Сууда жашаган жаныбарлардын өлүмтүгү адал. Өлүмтүк дегени, сууда гана жашаган жандыктардын өлүмтүгү адал.
Толук пайдалуу болсун үчун суроого ашыгы менен жооп берүү жакшы.
Таза нерсенин аралашуусу менен суунун даамы, түсү, же жыты өзгөрсө деле, эгер суулук табияты сакталса, ал суу таза эсептелет. Эгер анын шору, же ысыктыгы же сууктугу артса деле.
Деңиздин суусу кичи дааратка да, чоң даратка да (гусулга) жарактуу. Денедеги, кийимдеги жана башка ыплас нажасты тазалоого да жарактуу.
Сунан Абу Дауд (1/ 62) (83).
Сунан ат-Тирмизи (1/ 111) (69).
Сунан ан-Насааи (1/ 50) (59).
Сунан Ибн Маажа (1/ 250) (386).
Муснад Ахмад (12/ 171) (7233).
Дагы (6)
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (1/ 28).
فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (1/ 59).
توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (1/ 116).