Skip to content

Ислам чоочун болуп башталды жана ал кандай башталса, кайрадан ошол чоочун абалына кайтат. Андыктан чоочундарга сүйүнчү болсун!

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

«Ислам чоочун болуп башталды жана ал кандай башталса, кайрадан ошол чоочун абалына кайтат. Андыктан чоочундарга сүйүнчү болсун!»

«بَدَأَ الْإِسْلَامُ غَرِيبًا، وَسَيَعُودُ كَمَا بَدَأَ غَرِيبًا، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам башында жалгыз алсыз адамдардын арасында жана аны кармангандардын аздыгы себептүү чоочун болуп башталганын, ошондой эле ал кандай башталса, аны кармангандардын аздыгынан улам кайрадан чоочун абалына кайтышын кабар берди. Ошондуктан ал чоочундарга суктануу, жакшылык, кубаныч жана көз кубанычы болсун.

Хадистин пайдалары

Ислам жайылып, таанылгандан кийин анын кайрадан чоочун абалга түшөрүн кабарлоо.

Бул хадисте пайгамбарлыктын белгилеринин бири бар. Анткени Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнөн кийин эмне болорун кабар берди жана ал кабар бергендей болду.

Ислам үчүн өз мекенин жана урук-туугандарын таштап көчүп чыккан адамдын артыкчылыгы жана ага бейиш болору.

Чоочундар – алар адамдар бузулганда өздөрү оң болгон жана адамдар бузган нерселерди оңдогон адамдар.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 130) (145).

Дагы (2)

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (4/ 142).

إكمال المعلم بفوائد مسلم (1/ 456).