Чындыгында бейиште бир дарак бар, күлүк, ылдам, суутулуп тапталган ат менен чаап жүрүп олтурган адам андан жүз жылда да басып өтө албайт
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Чындыгында бейиште бир дарак бар, күлүк, ылдам, суутулуп тапталган ат менен чаап жүрүп олтурган адам андан жүз жылда да басып өтө албайт."
«إِنَّ فِي الْجَنَّةِ شَجَرَةً يَسِيرُ الرَّاكِبُ الْجَوَادَ الْمُضَمَّرَ السَّرِيعَ مِائَةَ عَامٍ مَا يَقْطَعُهَا».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чынында бейиште бир дарак бар экенин, анын алдында күлүк, ылдам, суутулуп тапталган ат менен чаап жүрүп олтурган адам жүз жылда да анын жайылган бутактарынын аркы башына чыга албастыгын кабар берди.
Бейиштин кеңдигин жана анын дарактарынын чоңдугун баяндоо.
Сахих ал-Бухари (8/ 114) (6553).
Сахих Муслим (4/ 2176) (2828).
Дагы (6)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1289).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (3/ 345).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل مُبَارَك (ص1086).