Ал биз жолдо мусапыр болуп жүргөндө заңдап, зааралап жана уктап даарат сындырганда маасыбызды үч күн, үч түн чечпей эле масх тарууга буйруган. Эгер жунуб болсо, анда чечүү керек.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالطهارةالمسح على الخفين ونحوهما
Зирр бин Хубайш айтат:
Мен Сафван бин Ассал ал-Мурадийге маасыга масх тартууну сураганы бардым. Ал мага: "Зирр, бул жакка эмне үчүн келдиң?" - деп сурады. Мен: "Илим издеп" - дедим. Ал: "Ырасында, периштелер илим талап кылуучунун ишине ыраазы болуп, ага канаттарын төшөйт" - деди. Мен: "Чоң жана кичи даарат ушаткандан кийин маасыга масх тартуу маселеси көкүрөгүмдү өйүп жатат. Сен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынын бирисиң, мен сенден: анын бул тууралуу бир нерсе айтканын уктуң беле? - деп сураганы келдим" - дедим. Ал: "Ооба, биз сапарда же жүргүнчү болгондо, ал бизге маасыларыбызды үч күн, үч түн чечпөөнү буйручу. Жунуп болгондо гана чеччүбүз, бирок чоң даараттан, кичи даараттан жана уйкудан улам чеччү эмеспиз" - деди. Мен: "Пайгамбардын сүйүү тууралуу бир нерсе айтканын уктуң беле?" - дедим. Ал минтти: "Ооба, биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болчубуз. Биз анын жанында турганыбызда, капысынан бир элеттик адам катуу добушу менен: "О, Мухаммад!" - деп кыйкырды. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын үнүндөй эле үн менен: "Бул жердемин!" - деп жооп берди. Анан биз ал адамга: "Шордуу десе, үнүңдү басаңдат! Сен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанындасың, сага мындай кылууга тыюу салынган!" - дедик. Ал: "Аллахка ант болсун, үнүмдү басаңдатпайм" - деди. Анан: "Бирөө кайсы бир коомду жакшы көрүп, бирок (амалы менен) аларга жете элек (болсочу)?" - деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кыямат күнү ар бир адам өзү сүйгөн адамдар менен бирге болот" - деди. Анан ал бизге улам сүйлөп отуруп, батыш тараптагы бир эшикти эскерди, анын эки босогосунун аралыгы кырк же жетимиш жылдык жол, же болбосо ал эшикти туурасынан аттуу адам кырк же жетимиш жылда басып өтөт" - деди.
أَتَيْتُ صَفْوَانَ بْنَ عَسَّالٍ المُرَادِيَّ، أَسْأَلُهُ عَنِ المَسْحِ عَلَى الخُفَّيْنِ، فَقَالَ: مَا جَاءَ بِكَ يَا زِرُّ؟ فَقُلْتُ: ابْتِغَاءَ العِلْمِ، فَقَالَ: إِنَّ المَلاَئِكَةَ لَتَضَعُ أَجْنِحَتَهَا لِطَالِبِ العِلْمِ؛ رِضًا بِمَا يَطْلُبُ، فَقُلْتُ: إِنَّهُ حَكَّ فِي صَدْرِي المَسْحُ عَلَى الخُفَّيْنِ بَعْدَ الغَائِطِ وَالبَوْلِ، وَكُنْتَ امْرَأً مِنْ أَصْحَابِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَجِئْتُ أَسْأَلُكَ: هَلْ سَمِعْتَهُ يَذْكُرُ فِي ذَلِكَ شَيْئًا؟ قَالَ: نَعَمْ، كَانَ يَأْمُرُنَا إِذَا كُنَّا سَفْرًا أَوْ مُسَافِرِينَ أَلَّا نَنْزِعَ خِفَافَنَا ثَلاَثَةَ أَيَّامٍ وَلَيَالِيهِنَّ إِلَّا مِنْ جَنَابَةٍ، لَكِنْ مِنْ غَائِطٍ وَبَوْلٍ وَنَوْمٍ، فَقُلْتُ: هَلْ سَمِعْتَهُ يَذْكُرُ فِي الهَوَى شَيْئًا؟ قَالَ: نَعَمْ، كُنَّا مَعَ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي سَفَرٍ فَبَيْنَا نَحْنُ عِنْدَهُ إِذْ نَادَاهُ أَعْرَابِيٌّ بِصَوْتٍ لَهُ جَهْوَرِيٍّ: يَا مُحَمَّدُ، فَأَجَابَهُ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَى نَحْوٍ مِنْ صَوْتِهِ: «هَاؤُمُ» وَقُلْنَا لَهُ: وَيْحَكَ اغْضُضْ مِنْ صَوْتِكَ، فَإِنَّكَ عِنْدَ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وَقَدْ نُهِيتَ عَنْ هَذَا، فَقَالَ: وَاللَّهِ لاَ أَغْضُضُ، قَالَ الأَعْرَابِيُّ: المَرْءُ يُحِبُّ القَوْمَ وَلَمَّا يَلْحَقْ بِهِمْ، قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «المَرْءُ مَعَ مَنْ أَحَبَّ يَوْمَ القِيَامَةِ»، فَمَا زَالَ يُحَدِّثُنَا حَتَّى ذَكَرَ بَابًا مِنْ قِبَلِ المَغْرِبِ مَسِيرَةُ عَرْضِهِ، أَوْ يَسِيرُ الرَّاكِبُ فِي عَرْضِهِ أَرْبَعِينَ أَوْ سَبْعِينَ عَامًا.
Зирр бин Хубайш деген адам Сафван бин Ассалга (ага Аллах ыраазы болсун) маасыга масх тартуу жөнүндө сураганы келди. Сафван: "Зирр, эмнеге келдиң?" - деди. Зирр: "Илим талап кылып келдим" - деди. Ал: "Чынында, периштелер илим талап кылуучунун кылган ишине ыраазы болуп жана улуктап, анын баскан жолуна канатын төшөйт" - деди. Зирр: "Чоң жана кичи даарат ушаткандан кийин маасыларга масх тартуу жөнүндө көңүлүмдө күмөн пайда болду. Сен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабасысың, ошондуктан Пайгамбардын бул жөнүндө бир нерсе айтканын уктуң беле деп сенден сураганы келдим" - деди. Сафван айтты: «Ооба, ал бизди сапарда жүргөн учурда маасыларыбызды чоң заара, кичи заара жана уйку сыяктуу кичи даарат бузуучу нерселерден улам үч күн, үч түн чечпөөгө буйруйт эле. Бир гана жунуптуктан чечүү важыб болот". Анан мен: "Анын сүйүү жөнүндө бир нерсе айтканын уктуң беле?" - дедим. Ал айтты: Ооба, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге сапарда баратканбыз. Биз анын жанында турганыбызда, бир чөлдүк үнүн катуу чыгарып: "Эй, Мухаммад!" - деп чакырды. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага анын үнүнө жакын катуу үн менен: "Кел" - деп жооп берди. Биз ага: "Шоруң кургур, үнүңдү басаңдат. Сен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанындасың, анын жанында үнүңдү көтөрүүдөн тыйылгансың" - дедик. Ал оройлугунан улам: Аллага ант, үнүмдү басаңдатпайм, - деди. Чөлдүк: О Аллахтын элчиси, адам жакшы адамдарды жакшы көрүп, бирок алардын амалындай амал кыла албаса (кыяматта) эмне болот? - деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Адам кыямат күнү өзү жакшы көргөндөр менен бирге болот", - деди. Зирр айтат: Сафван бизге баян кылып жатып, Шам тараптагы тообоа эшигин эскертти. Аллах аны асмандар менен жерди жараткан күнү жараткан, чабандес анын туурасынан кырк же жетимиш жыл жүрөт, ал эшик Күн батыштан чыкканга чейин жабылбайт."
Илим алуунун артыкчылыгы, илим алуучунун даражасынын улуктугу жана периштелердин ага урмат көрсөтүүсү.
Табийндердин сахабалардан (Аллах алардан ыраазы болсун) илим алууга болгон ынтызаарлыгынын баяны.
Маасыга масх тартууга уруксат, анын мөөнөтү: сапардагы адам үчүн үч күн, үч түн, ал эми туруктуу адам үчүн бир күн, бир түн.
Маасыга масх кичине даарат бузулганда гана тартылат. (Кичине даарат дегени, жунубдан башка дааратсыздыктар).
Суроо берүүчү аалымдан анын далили ачык текстте (Куран же хадисте) келгенби, же далилдөө үчүн анын жеке ижтихад-пикириби деп тактап талап кылуусу дурус. Аалым да мындай суроону оор санабай так жооп бериши керек.
Аалымдар жана салихтер менен болгон мамиледеги адептүүлүк жана илим отуруштарында акырын үн менен сүйлөө.
Билбеген адамга жакшы адепти жана жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүү.
Сабырдуулукта, көркөм кулк-мүнөздө жана адамдарга алардын билимине жана акыл-эсине жараша кайрылууда пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үлгү алуу зарыл.
Мубаракфури мындай деген: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын: "Үнүңөрдү Пайгамбардын добушунан бийик чыгарбагыла" деген сөзүнөн улам, тиги кишинин амалы текке кетпеши үчүн, ага боору ооругандыктан үнүн көтөргөн. Ошондуктан анын билбегенин ортого салып аны кечирди жана ага болгон өтө мээримдүүлүгүнөн улам үнүн анын үнү менен тең же андан да бийик көтөрдү"
Салих адамдар менен отурууга, аларга жакын болууга жана аларды жакшы көрүүгө умтулуу.
Ан-Навави минтип айткан: Анын алар менен бирге болуусу — анын даражасы жана сооп-сыйлыгы бардык жагынан алардыкындай болот дегендик эмес.
Үмүт жана тилек эшигинин ачыктыгы, кутулууну сүйүнчүлөө жана үгүт-насаат кылууда жылуу-жумшак мамиле кылуу.
Аллах Тааланын ырайымы кенен жана тообо эшигинин ачыктыгы.
Тообо кылууга шашылууга, өзүн-өзү эсепке тартууга жана Аллах Таалага кайтууга үндөө.
Сунан ат-Тирмизи (5/ 505) (3535).
Сунан Ибн Маажа (1/ 302) (478).
Муснад Ахмад (30/ 18) (18095).
Сунан ат-Тирмизи (5/ 505) (3535).
Сунан Ибн Маажа (1/ 302) (478).
Муснад Ахмад (30/ 18) (18095).
Дагы (14)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 36).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (1/ 107).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 57).
المعجم الوسيط (2/ 968).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 36).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (1/ 107).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 57).
المعجم الوسيط (2/ 968).
Китептерде келтирилген
6 КитептерДагы (6)
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 1 «الْمَرْءُ مَعَ مَنْ أَحَبَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 2«المَرْءُ مَعَ مَنْ أَحَبَّ».
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 2«المَرءُ مَعَ مَنْ أَحَبَّ».
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 2«المَرْءُ مَعَ مَنْ أَحَبَّ».
- مجموعة زاد التربية الإسلامية (1)، والسيرة النبوبة (1)، والعقيدة (1)، والفقه (1)مجموعة زاد الفقه (1)«كان رسول اﷲ ﷺ يأمرنا إذا كنا سَفْرا ألا نَنْزِعَ خِفَافَنا ثلاثةَ أيامَ ولياليهن إلا مِنْ جَنَابَةٍ، لكن من غائطٍ وبولٍ ونومٍ».
- مشروع منهاج زادكزادك 2 طالب نهائيقال النبي صلى الله عليه وسلم: «الحَجُّ عَرَفَةُ»