Мен аялдар менен кол алышпайм, менин жүз аялга айткан сөзүм бир аялга айткан сөзүмдөй.
- التصنيف الشرعي
- الفقهفقه الأسرة والمجتمعالعلاقة بين الرجل والمرأة
Умайма бинт Рукайка (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип айтат:
Мен ансарлардан болгон бир топ аялдар менен Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) байъат кылуу (убада берүү) үчүн келдим. Биз: "Оо, Аллахтын элчиси! Биз сага, Аллахка эч нерсени шерик кылбоого, уурулук кылбоого, зынаа кылбоого, бирөөдөн бала арттырып эрине таңуулабоого жана жакшы иштерге буюрганыңда сага каршы чыкпоого убада беребиз" - дедик. Ал: "Күчүңөр жетишинче жана чамаңар келишинче" - деди. Ал (аял) айтты: Биз: "Аллах жана Анын элчиси бизге мээримдүүрөөк. Кел, сага кол берип убада берели, оо, Аллахтын элчиси!" - дедик. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Чындыгында, мен аялдар менен кол алышпайм. Менин жүз аялга айткан сөзүм бир аялга айткан сөзүмдөй, же бир аялга айткан сөзүмө окшош" - деди.
أَتَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي نِسْوَةٍ مِنَ الْأَنْصَارِ نُبَايِعُهُ، فَقُلْنَا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، نُبَايِعُكَ عَلَى أَلَّا نُشْرِكَ بِاللَّهِ شَيْئًا، وَلَا نَسْرِقَ، وَلَا نَزْنِيَ، وَلَا نَأْتِيَ بِبُهْتَانٍ نَفْتَرِيهِ بَيْنَ أَيْدِينَا وَأَرْجُلِنَا، وَلَا نَعْصِيَكَ فِي مَعْرُوفٍ، قَالَ: «فِيمَا اسْتَطَعْتُنَّ، وَأَطَقْتُنَّ» قَالَتْ: قُلْنَا اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَرْحَمُ بِنَا، هَلُمَّ نُبَايِعْكَ يَا رَسُولَ اللَّهِ، فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنِّي لَا أُصَافِحُ النِّسَاءَ، إِنَّمَا قَوْلِي لِمِائَةِ امْرَأَةٍ كَقَوْلِي لِامْرَأَةٍ وَاحِدَةٍ، أَوْ مِثْلُ قَوْلِي لِامْرَأَةٍ وَاحِدَةٍ».
Умайма бинт Рукайка (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип кабарлайт: Ал ансарлардан болгон аялдар менен бирге Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахка эч нерсени шерик кылбоого, уурулук кылбоого, зынаа кылбоого, бирөөдөн бала арттырып эрине таңуулабоого жана жакшы иштерге буйруганда ага каршы чыкпоого убада беришти, Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты: Күчүңөр жетишинче жана чамаңар келишинче. Биз: Аллах жана Анын элчиси бизге мээримдүүрөөк. Кел, оо, Аллахтын элчиси, эркектер кылгандай кол алышып сага убада берели, - дедик. Анда Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Мен аялдар менен кол алышпайм, менин жүз аялга айткан сөзүм жана убадам бир аялга айткан сөзүм сыяктуу."
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдардан кандайча убада алгандыгын баяндоо.
Махрам эмес бөтөн аялдар менен кол алышуу арам.
Шарият буйруктары адамдын кудуретине жана мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу.
Сунан ат-Тирмизи (3/ 247) (1597).
Сунан ан-Насааи (7/ 149) (4181).
Сунан Ибн Маажа (4/ 128) (2874).
Сунан ат-Тирмизи (3/ 247) (1597).
Сунан ан-Насааи (7/ 149) (4181).
Сунан Ибн Маажа (4/ 128) (2874).
Дагы (2)
ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (32/ 263).
ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (32/ 263).