Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсү Мадинага келгенден баштап, ал көз жумганга чейин катары менен үч күн буудай тамагын тойо жешкен эмес.
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсү Мадинага келген күндөн тартып, ал дүйнөдөн кайтканга чейин катары менен үч түн буудайдан жасалган тамакты тоюп жеген эмес.
مَا شَبِعَ آلُ مُحَمَّدٍ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مُنْذُ قَدِمَ المَدِينَةَ مِنْ طَعَامِ البُرِّ ثَلاَثَ لَيَالٍ تِبَاعًا، حَتَّى قُبِضَ.
Момундардын энеси Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) кабардайт: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсү Мадинага келгенден тартып, ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайтыш болгонго чейин үч күн катары менен буудай нанына тойгон эмес.
Хадисте пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын үй-бүлөсүнүн жашоо-тиричилигинин тартыштыгы, анткени чыныгы жашоо – акырет жашоосу экендиги баян кылынган.
Ибн Хажар минтип айткан: Көрүнүп тургандай, алардын көбүнчө тойбой калуусунун себеби колдо болгон нерсенин аздыгынан болгон, бирок кээде таап калышса да, башкаларды өздөрүнөн артык көрүшкөн.
Сахих ал-Бухари (7/ 75) (5416).
Сахих Муслим (4/ 2282) (2970).
Сахих ал-Бухари (7/ 75) (5416).
Сахих Муслим (4/ 2282) (2970).
Дагы (4)
المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (7/ 129).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (45/ 129).
المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (7/ 129).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (45/ 129).