Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир казатында кайтыш болгондордун арасынан аял кишинин өлүгү чыгат. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) согушта аялдарды жана жаш балдарды өлтүрүүнү катуу кайтарды.
Абдуллах бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) минтип айткан:
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир казатында кайтыш болгондордун арасынан аял кишинин өлүгү чыгат. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) согушта аялдарды жана жаш балдарды өлтүрүүнү катуу кайтарды.
أَنَّ امْرَأَةً وُجِدَتْ فِي بَعْضِ مَغَازِي النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَقْتُولَةً، فَأَنْكَرَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَتْلَ النِّسَاءِ وَالصِّبْيَانِ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир казатта өлтүрүлгөн аялды көрүп, согушта аялдарды жана балакат жаш курагына жете элек балдарды өлтүрүүгө катуу кайтарды.
Согушка катышпаган аялдар, жаш балдар, кары-картаңдар жана кечилдер, эгер согушка карата согуштук пландарын айтып, мусулмандарга каршы дашманга жардам бербесе, аларды өлтүрүүгө болбойт. Эгер душманга ар кандай жолдор менен жардам берсе, анда өлтүрүүгө уруксат.
Аялдарды жана балдарды өлтүрүүдөн тыюунун себеби алар мусулмандарга каршы курал көтөрүп чыкпайт. Аллах жолундагы жихаддын максаты, акыйкат чакырыгы элге жетүүсү үчүн, ага тоскоол болуп согушка чыккандардын канатын кайруу гана.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) казат, согуштарда да ырайымдуу болгон.
Сахих ал-Бухари (4/ 61) (3014).
Сахих Муслим (3/ 1364) (1744).
Дагы (4)
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (2/ 189).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
للبسام (ص746).