Жолдо бара жатып, асмандан үн уктум. Өйдө карасам, "Хира" үңкүрүндө мага келген периште экен.
- التصنيف الشرعي
- السيرة النبويةمبعثه صلى الله عليه وسلم
Абу Салама бин Абдуррахман айтат: Жаабир бин Абдулла Ансари (аларга Аллах ыраазы болсун) аян-кабардын токтоп калган учуру жөнүндө баяндап жатып, хадисинде мындай деген:
Мен басып бара жатып, асмандан бир добуш уктум. Башымды көтөрсөм, "Хирада" мага келген периште асман менен жердин ортосунда орундукта отуруптур. Андан аябай коркуп кеттим, үйгө кайтып келип: «Мени ороп койгула!» – дедим. Ошондо Алла Таала: "Эй, (кийимине) чүмкөнүп алган киши! Тур, (адамдарга) эскерткин!" [Муддассир: 2] деген аяттан баштап, "... жана жамандыктан алыс бол!" [Муддассир: 5] дегенге чейинки аяттарды түшүрдү. Андан кийин аян-кабар кызып, үзгүлтүксүз келе баштады.
«بَيْنَا أَنَا أَمْشِي إِذْ سَمِعْتُ صَوْتًا مِنَ السَّمَاءِ، فَرَفَعْتُ بَصَرِي، فَإِذَا المَلَكُ الَّذِي جَاءَنِي بِحِرَاءٍ جَالِسٌ عَلَى كُرْسِيٍّ بَيْنَ السَّمَاءِ وَالأَرْضِ، فَرُعِبْتُ مِنْهُ، فَرَجَعْتُ فَقُلْتُ: زَمِّلُونِي، فَأَنْزَلَ اللَّهُ تَعَالَى: {يَا أَيُّهَا المُدَّثِّرُ1 قُمْ فَأَنْذِرْ} [المدثر: 2] إِلَى قَوْلِهِ {وَالرُّجْزَ فَاهْجُرْ} [المدثر: 5]. فَحَمِيَ الوَحْيُ وَتَتَابَعَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын алгачкы мезгилинде аян-кабардын түшпөй, токтоп калгандыгы жөнүндө баяндап жатып, мындай деген: «Мен Меккенин көчөлөрүнун биринде басып бара жатканымда, асмандан бир үн угулду. Башымды жогору көтөрүп карасам, мага "Хира" үңкүрүндө келген Жебирейил периште асман менен жердин ортосунда отургучта отуруптур. Андан катуу коркуп, үрөйүм учту да, үй-бүлөмө кайтып келип: "Мени кийим менен орогула, - дедим». Ошондо Аллах Таала бул аяттарды түшүрдү: "О чүмкөнүп (өз кийимине оронуп жатып) алган адам! Туруп (даават кылуу менен элдерге Акыретти) эскерт!" Сенин пайгамбарлыгыңа ыйман келтирбегендерди коркут. "Раббиңди (ибадат кылынуучу Кудайыңдын улуулугун даңазалап Ага мактоо айт жана Аны) улукта". "Кийимиңди тазала (аларды нажасаттардан арылт). "Ыпластыктан (буттарга жана сөлөкөттөргө сыйынуудан) оолак бол". Ошол окуядан кийин аян-кабар күчөп, көбөйдү.
Кудуреттүү жана Улуу Аллахтын: "{Оку}" деген аяты түшкөндөн кийин Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабардын бир аз убакытка токтоп калган.
Адамдын башына келген кыйынчылыктардан арылгандан кийин, Аллах Таалага шүгүр кылып, алар жөнүндө айтуу жакшы.
"Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен!" деген аят түшүрүлгөндөн кийин эң биринчи түшкөн Аллах Тааланын сөзү: "О чүмкөнүп (жатып) алган адам!"
Аллах Тааланын Өз пайгамбарына болгон жакшылыгы. Анткени Ал ага бул дүйнөдөн өткөнгө чейин үзгүлтүксүз аян-кабар түшүрүп турду.
Аллах Таалага чакыруунун, жүз үйрөгөндөргө эскертүүнүн жана моюн сунгандарды сүйүнчүлөөнүн милдеттүүлүгү.
Намаз үчүн кийимди тазалоо милдеттүү, буга Аллах Тааланын: "Жана кийимиңди тазала!" деген сөзүн далил кылышкан.
Периштелерге жана Аллах аларга аткарууга кудурет берген иштерине, ошондой эле башка нерселерге ыйман келтирүүнүн милдеттүүлүгү.
Сахих ал-Бухари (1/ 7-8) (4).
Сахих Муслим (1/ 98) (161).
Сахих ал-Бухари (1/ 7-8) (4).
Сахих Муслим (1/ 98) (161).
Дагы (4)
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (4/ 430).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 67).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (4/ 430).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 67).