Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

القِيَامة

القِيَامة is chapter 75 of the Quran and has 40 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

40 Аяттар Сүрөнүн номери 75
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

لَآ أُقۡسِمُ بِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ

Мен Кыямат күнүнө ант ичип,

وَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلنَّفۡسِ ٱللَّوَّامَةِ

Жемелөөчү напси менен ант ичип, (айтамын:)

Explanation & meanings · 1
  1. Ар бир адамдын напсиси аны көбүнчө оңой, жыргал, бирок күнөө иштерге азгырат. Ал эми, күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгы өтүп кетээри менен, же болбосо, өлүм убактысы келгенде ар бир адамдын напсиси өзүнүн ээсин (демек өзүн) кетирген күнөөлөрү, катачылыктары үчүн жемелейт. Бул кеч болсо да, өз күнөөсүнө бушайман болгон напси. Ал эми ыйманы күчтүү момундардын напсиси, аларды күнөө ишке бара электе эле, өз ээсин «барба эле барба» деп айыптап, коргоп, насаат айтып турат.

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَلَّن نَّجۡمَعَ عِظَامَهُۥ

“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”

بَلَىٰ قَٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُۥ

Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз!

Explanation & meanings · 1
  1. Эң назик деп эсептелген бармак сөөктөрүн орду-ордуна коюуга кудуреттүү болгон Аллах таала үчүн дененин башка сөөктөрүн өз ордуна чогултуу оор эмес.

بَلۡ يُرِيدُ ٱلۡإِنسَٰنُ لِيَفۡجُرَ أَمَامَهُۥ

Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр...,