Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الإنسَان

الإنسَان is chapter 76 of the Quran and has 31 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

31 Аяттар Сүрөнүн номери 76
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

هَلۡ أَتَىٰ عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ حِينٞ مِّنَ ٱلدَّهۡرِ لَمۡ يَكُن شَيۡـٔٗا مَّذۡكُورًا

Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эскериле турган нерсе эмес (жок) эле.

إِنَّا خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن نُّطۡفَةٍ أَمۡشَاجٖ نَّبۡتَلِيهِ فَجَعَلۡنَٰهُ سَمِيعَۢا بَصِيرًا

Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы бел суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык.

إِنَّا هَدَيۡنَٰهُ ٱلسَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرٗا وَإِمَّا كَفُورًا

(Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот).

إِنَّآ أَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ سَلَٰسِلَاْ وَأَغۡلَٰلٗا وَسَعِيرًا

Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук.

إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ يَشۡرَبُونَ مِن كَأۡسٖ كَانَ مِزَاجُهَا كَافُورًا

Жакшы (ыймандуу) адамдар (бейиштерде) «каафуур» аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет.

Explanation & meanings · 1
  1. “Каафуур” дегени бейиштеги шарапка анын муздактыгын, жыттуулугун жана өткүрлүгүн ашырыш үчүн аралаштырыла турган өтө тунук булак. (Куртубий)