Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

المُدثر

المُدثر is chapter 74 of the Quran and has 56 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

56 Аяттар Сүрөнүн номери 74
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُدَّثِّرُ

Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!

قُمۡ فَأَنذِرۡ

Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!

وَرَبَّكَ فَكَبِّرۡ

Жана Раббиңдин улуулугун даңазала!

Explanation & meanings · 1
  1. Пайгамбарыбыз «Хира» үңкүрүндө Жебирейил периштеден алгачкы вахийди кабыл алганда, адаттан тышкары окуяга кабылганы себептүү катуу коркуп, үйүнө келип, оронуп-чүмкөнүп жатып алат. Ошол убакытта ушул аяттар түшүп, элдерди ыйманга чакыруу вазыйпасы жүктөлөт жана ишенбеген адамдарга акыреттеги тозокту эскертүү буюрулат.

وَثِيَابَكَ فَطَهِّرۡ

Жана кийимиңди тазала!

Explanation & meanings · 1
  1. Аллах таала – Аруу, Таза. Андан келген дин-ыйман дагы таза. Демек, бул Таза Жолго чакыруу үчүн тазаланыш керек. Бул аятты түз маанисинде «тазаалык (даарат)тын шарттарынан бири» деп түшүнүүгө да болот. Бирок, кээ бир уламалар «кийим» дегенден максат инсандын бардык иш – аракеттери, кыял-жоруктары дешет.

وَٱلرُّجۡزَ فَٱهۡجُرۡ

Жана ыпластыктан ыраак бол!

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аяттагы «ыпластык» сөзүн да уламалар эки түрлүү түшүндүрүшөт. Биринчи тайпалары «ыпластык – бул Аллахтан башка ар түрдүү кудайлар» дешет. Дагы кээ бирөөлөрү «бардык ыплас иштер» дешет.