Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

المَعَارج

المَعَارج is chapter 70 of the Quran and has 44 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

44 Аяттар Сүрөнүн номери 70
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

سَأَلَ سَآئِلُۢ بِعَذَابٖ وَاقِعٖ

(Мушриктерден) бир суроочу собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -

Explanation & meanings · 1
  1. Бул каапыр Назр бин Хаарис деген киши эле. Ал пайгамбарыбызды шылдыңдап: “Бизге азап качан келет?” деп сурады жана «Эй Аллах! Эгер ушул Куранды Мухаммадга Өзүң түшүргөнүң чын болсо, биздин үстүбүзгө таш жаадырып жибер!» деп дуба кылды. (Ибн Касир)

لِّلۡكَٰفِرِينَ لَيۡسَ لَهُۥ دَافِعٞ

– каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!

مِّنَ ٱللَّهِ ذِي ٱلۡمَعَارِجِ

(Ал азап) Маьариж – тепкичтердин ээси Аллах тарабынан (келет).

Explanation & meanings · 1
  1. Бул жерде жети кабат асманды тепкичтерге окшотуу бар.

تَعۡرُجُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥ خَمۡسِينَ أَلۡفَ سَنَةٖ

Периштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аяттагы Рух менен периштелердин Аллах таалага көтөрүлүшү дагы Аллах тааланын бийикте экенине далил.

فَٱصۡبِرۡ صَبۡرٗا جَمِيلًا

(Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!