Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الحَاقة

الحَاقة is chapter 69 of the Quran and has 52 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

52 Аяттар Сүрөнүн номери 69
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

ٱلۡحَآقَّةُ

Ал – Хаакка!

مَا ٱلۡحَآقَّةُ

«Ал – Хаакка» дегени эмне?!

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحَآقَّةُ

(Оо, Мухаммад!) «Ал – Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?

Explanation & meanings · 1
  1. «Аль-Хаакка» (Акыйкатта болуучу) Кыяматтын бир нече атактуу ысымдарынын бири. Кыямат кайымдын мындан башка да «Аль-Кариьа” (Катуу согуучу), “Аль-Ваакеьа” (Окуя), “Ат-Тоомма” (Чоң апаат), “Ас-Соохха” (Катуу добуш), Ас-Сааьа” (Саат) ж.б.у.с. аталыштары дагы бар.

كَذَّبَتۡ ثَمُودُ وَعَادُۢ بِٱلۡقَارِعَةِ

«Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле.

Explanation & meanings · 1
  1. “Самуд” – бул Хижр деген жерде (Азыркы Саудияга караштуу аймак) жашаган илгерки бир уруунун аты. Аллах таала аларга Салих пайгамбарды жиберип, Аллахка, кыяматка ишенүүгө жана Өзүнүн пайгамбары көргөзгөндөй жашоого буюрган. Ал эми, “Аад” болсо Хазрамаут деген жерде жашаган илгерки уруунун аты. Аллах таала аларга Худ пайгамбарды жиберген.

فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهۡلِكُواْ بِٱلطَّاغِيَةِ

Анан… Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды.