Skip to content
آل عِمران /

Аят 110

3 : 110

Аят 110 of آل عِمران (3 : 110). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

آل عِمران Аяттар 200
3 : 110

كُنتُمۡ خَيۡرَ أُمَّةٍ أُخۡرِجَتۡ لِلنَّاسِ تَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَتَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَتُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِۗ وَلَوۡ ءَامَنَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۚ مِّنۡهُمُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَأَكۡثَرُهُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ

(О, мусулмандар!) Силер (ааламдагы бардык) адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. (Адамдарды) жакшы адаттарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер. Эгер китеп ээлери ыйман келтиришсе, өздөрүнө жакшы болмок. Алардын арасында (силерге окшоп) ыйман келтиргендери да бар. Бирок, көпчүлүгү бузукулар.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аят Ислам үммөтүнүн абзелдигин, эң жакшы үммөт экенин баяндайт. Бирок, бул абзелдик алардын мойнуна жоопкерчилик жүктөйт: алар өздөрүнүн жыргалдарын ойлошпойт, “адамдар үчүн чыгарылган”. Дүйнө элдерин туура жолго (Исламга) багыттоо үчүн насаат, даават, таалим-тарбия иштерин жүргүзөт. Китеп ээлери да ушул дааватты угуп, ыйман келтиришсе жакшы болмок. Бирок, бир аз бөлүгү гана ыйманга келип, калгандары бузукулук менен Исламга каршы майданга өтүштү.