Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

آل عِمران

آل عِمران is chapter 3 of the Quran and has 200 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

200 Аяттар Сүрөнүн номери 3
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

الٓمٓ

Алиф, Лам, Мим.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَيُّ ٱلۡقَيُّومُ

Аллах… Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал – түбөлүк Тирүү жана (түбөлүк башкарып) Туруучу.

Explanation & meanings · 1
  1. «Бакара» сүрөсүнүн 255-аятынын тафсирине кайрылыңыз.

نَزَّلَ عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَأَنزَلَ ٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَ

«(Оо, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Куранды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга туура жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн».

مِن قَبۡلُ هُدٗى لِّلنَّاسِ وَأَنزَلَ ٱلۡفُرۡقَانَۗ إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٞۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٞ ذُو ٱنتِقَامٍ

«(Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүүчүнү (Куранды) түшүрдү. Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу!»

Explanation & meanings · 1
  1. Байыркы пайгамбарларга түшкөн китептер деле Аллах таала тарабынан болгондуктан, Куран алардын кабарын тастыктайт. Бирок, мурунку китептерге адамдардын жалган сөздөрү да аралашып кеткен. Ал китептердеги кайсы сөз чындык (Аллахтан) жана кайсынысы жалган (адамдар кошкон) экенин Куран китеби ажыратып берет. Ошондуктан Курандын бир ысымы «Фуркан» (“Ажыратуучу”) Демек, адамдардын кол астында бир гана акыйкат китеп - Куран калган. Анын ичиндегинин бардыгы - Аллахтын аяттары.

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَخۡفَىٰ عَلَيۡهِ شَيۡءٞ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فِي ٱلسَّمَآءِ

Албетте, Аллахка жердеги жана асмандагы эч бир нерсе жашыруун эмес.