3 : 59
إِنَّ مَثَلَ عِيسَىٰ عِندَ ٱللَّهِ كَمَثَلِ ءَادَمَۖ خَلَقَهُۥ مِن تُرَابٖ ثُمَّ قَالَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ
Албетте, Аллахтын назарында Исанын мисалы Адам (Ата) сыяктуу. Аллах аны топурактан жаратып: “бол!” дегенде, дароо болуп (жаралып) калган.
Explanation & meanings · 1
- Бул аят “Иса эгер кудай болбосо, башкалардан өзгөчө (энесиз) туулбайт эле” деп Исаны кудай кылып алгандарга жооп. Эгер Иса Аллахтын Сөзү болсо, Адам-Ата деле Аллахтын Сөзү. Эгер Иса атасыз жаратылган болсо, Адам-Ата атасыз гана эмес, керек болсо энесиз да жаратылган. Бирок, эч ким Адам-Атаны кудай кылып алган жок го!