Skip to content
آل عِمران /

Аят 44

3 : 44

Аят 44 of آل عِمران (3 : 44). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

آل عِمران Аяттар 200
3 : 44

ذَٰلِكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلۡغَيۡبِ نُوحِيهِ إِلَيۡكَۚ وَمَا كُنتَ لَدَيۡهِمۡ إِذۡ يُلۡقُونَ أَقۡلَٰمَهُمۡ أَيُّهُمۡ يَكۡفُلُ مَرۡيَمَ وَمَا كُنتَ لَدَيۡهِمۡ إِذۡ يَخۡتَصِمُونَ

Бул окуялар (о, Мухаммад, сен үчүн) кайып кабарлары. Биз ал кабарды сага (Жебирейил периште аркылуу) кабарлап жатабыз. Анткени, (Марям төрөлүп, апасы аны назир кылуу үчүн ибадатканага алып келгенде, ибадаткана кызматчылары) “Эми кимибиз Марямга кепил (камкор) болот”- деп, калемдерин (чүчүкулак катары) таштап жатышканда жана (Марямды талашып) жаңжалдашып турганда сен алардын арасында жок болчусуң.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул тарыхый окуяларды пайгамбарыбыз тарабынан окулуп берилүүсү, анын Аллахтан кабар (вахий) алган элчи экенине эң чоң далилдердин бири. Болбосо, эч кимден эч кандай илим-таалим албаган, жазууну билбеген Мухаммад (ага Аллахтын саламы болсун) өз заманынан 570 жыл мурун болуп өткөн бул окуяларды кайдан билмек эле?