Skip to content
آل عِمران /

Аят 26

3 : 26

Аят 26 of آل عِمران (3 : 26). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

آل عِمران Аяттар 200
3 : 26

قُلِ ٱللَّهُمَّ مَٰلِكَ ٱلۡمُلۡكِ تُؤۡتِي ٱلۡمُلۡكَ مَن تَشَآءُ وَتَنزِعُ ٱلۡمُلۡكَ مِمَّن تَشَآءُ وَتُعِزُّ مَن تَشَآءُ وَتُذِلُّ مَن تَشَآءُۖ بِيَدِكَ ٱلۡخَيۡرُۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Айткын: "Оо, Аллахым! Бардык мүлктүн Падышасы! Сен мүлктү каалаган пендеңе бересиң жана каалаган пендеңден мүлктү тартып аласың. Жана кимди кааласаң ардактуу кыласың, кимди кааласаң кор кыласың. Жакшылык Сенин гана колуңда. Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аяттагы «Сен мүлктү Өзүң каалаган адамыңа бересиң жана каалаганыңдан тартып аласың» деген сөз менен Аллах таала тез арада мүлк-бийликти Перс, Рум (Византия) падышаларынан тартып алып, Мухаммад үммөтүнө өткөрүп беришине ишаарат кылууда.