Skip to content
آل عِمران /

Аят 14

3 : 14

Аят 14 of آل عِمران (3 : 14). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

آل عِمران Аяттар 200
3 : 14

زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ ٱلشَّهَوَٰتِ مِنَ ٱلنِّسَآءِ وَٱلۡبَنِينَ وَٱلۡقَنَٰطِيرِ ٱلۡمُقَنطَرَةِ مِنَ ٱلذَّهَبِ وَٱلۡفِضَّةِ وَٱلۡخَيۡلِ ٱلۡمُسَوَّمَةِ وَٱلۡأَنۡعَٰمِ وَٱلۡحَرۡثِۗ ذَٰلِكَ مَتَٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۖ وَٱللَّهُ عِندَهُۥ حُسۡنُ ٱلۡمَـَٔابِ

Адамдар үчүн (бул дүйнөдө) аялдардан, перзенттерден, кинтар-кинтар алтын-күмүштөрдөн, даңктуу-шоораттуу тулпар аттардан, (короо-короо) малдардан жана эгиндерден турган жыргалдарды сүйүү кооз көргөзүлдү. Булар (опосуз) дүйнө жашоосунун пайдалары. Аллахтын алдында (булардан) жакшыраак кайтуучу жай-бейиш бар.

Explanation & meanings · 2
  1. Кинтар - өлчөм бирдиги. Бир кинтар 45 кг. га жакын салмакка барабар.
  2. Ушул аят мусулмандар үчүн аталган жашоо жыргалдары адал экенине далил. Ислам инсан табияты каалаган, сүйгөн нерселерге тыюу салбайт. Болгону, алардын адалдан болуусун талап кылат.