Skip to content
آل عِمران /

Аят 165

3 : 165
آل عِمران Аяттар 200
3 : 165

أَوَلَمَّآ أَصَٰبَتۡكُم مُّصِيبَةٞ قَدۡ أَصَبۡتُم مِّثۡلَيۡهَا قُلۡتُمۡ أَنَّىٰ هَٰذَاۖ قُلۡ هُوَ مِنۡ عِندِ أَنفُسِكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Силерге (Ухуд согушунда мушриктерден) кырсык жеткенде – аларга (Бадр согушунда) эки эсе көп кырсык жеткизген болсоңор да – “Бул кайгы кайдан келди” - деген элеңер. Айт: “Бул – өзүңөрдөн”. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.

Explanation & meanings · 1
  1. Ухуд согушунда мусулмандардан жетимиш киши шейит болуп, кайгы чегишип “Бул кайдан?!” деп турганда Аллах, өзүңөрдүн күнөөңөр, пайгамбардын тилин албаганыңар себептүү деп, бир жактан аларга таалим-сабак берсе, экинчи жактан “Бадр согушунда аларга эки эсе көп сокку жеткиргенсиңер” (жетимишин өлтүрүп, жетимишин туткунга түшүргөнсүңөр) деп көңүлүн көтөрүп жатат.