Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таңдайы көрүнгүдөй болуп каткырып күлгөнүн эч качан көргөн эмесмин, ал болгону жылмайып гана коёр эле».
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
«Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таңдайы көрүнгүдөй болуп каткырып күлгөнүн эч качан көргөн эмесмин, ал болгону жылмайып гана коёр эле».
مَا رَأَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مُسْتَجْمِعًا قَطُّ ضَاحِكًا، حَتَّى أَرَى مِنْهُ لَهَوَاتِهِ، إِنَّمَا كَانَ يَتَبَسَّمُ.
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичинекей тили — тамактын жогору жагында илинип турган эт — көрүнгөнгө чейин ашыкча каткырып күлбөгөндүгүн, ал тек гана жылмая тургандыгын кабарлады.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыраазы болгондо же бир нерсени жактырганда, анын күлкүсү тек гана жылмаюудан тураар эле.
Ибн Хажар айткан: Мен анын толук каткырганын, толук күлүп жана бүткүл турпаты менен күлкүгө берилгенин көргөн эмесмин.
Көп күлүү жана катуу үн менен каткыруу салихтердин сыпаттарынан эмес.
Көп күлүү адамдын бир туугандарынын (жолдошторунун) арасындагы айбатын жана салмактуулугун кетирет.
Сахих ал-Бухари (8/ 24) (6092).
Сахих Муслим (2/ 616) (899).
Сахих ал-Бухари (8/ 24) (6092).
Сахих Муслим (2/ 616) (899).