Skip to content

Өзүңөрдөн төмөн тургандарга карагыла, жогору тургандарга карабагыла. Бул Аллахтын силерге берген жакшылыктарын аз деп саноодон тыят.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

«Өзүңөрдөн төмөн тургандарга карагыла, жогору тургандарга карабагыла. Бул Аллахтын силерге берген жакшылыктарын аз деп саноодон тыят».

«انْظُرُوا إِلَى مَنْ أَسْفَلَ مِنْكُمْ، وَلَا تَنْظُرُوا إِلَى مَنْ هُوَ فَوْقَكُمْ، فَهُوَ أَجْدَرُ أَلَّا تَزْدَرُوا نِعْمَةَ اللهِ عَلَيْكُمْ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамга даража, байлык, мансап жана башка ушул сыяктуу дүйнө иштеринде абалы өзүнөн төмөн жана аз болгондорго кароону, ал эми дүйнө иштеринде өзүнөн жогору жана артык тургандарга карабастыкты буюрган. Анткени, төмөн тургандарга кароо – бул Аллахтын сага берген жакшылыктарын аз, төмөн деп санооңдон тыят.

Хадистин пайдалары

Канаат кылуу – ыймандуулардын эң улук адеп-ахлактарынын бири жана ал Аллахтын тагдырына ыраазы болуунун белгиси.

Ибн Жарир айтты: "Бул хадис жакшылыктын түрлөрүн өзүнө камтыган. Анткени инсан, эгерде дүйнөдө өзүнөн жогору болгондорду көрсө, напсиси ошондой болууну каалап, Аллах Тааланын ага берген жакшылыгын аз санап калат да, аларга жетүү же жакындашуу үчүн дагы да көбөйтүүгө умтулат. Бул адамдардын көбүндө кездешкен көрүнүш. А эгер дүйнө иштеринде өзүнөн төмөн болгондорго караса, анда Аллах Тааланын ага берген жакшылыгы айкын көрүнүп, ал ага шүгүр кылат, кичипейил болот жана жакшы амалдарды аткарат."

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 102) (6490).

Сахих Муслим (4/ 2275) (2963).

Сахих ал-Бухари (8/ 102) (6490).

Сахих Муслим (4/ 2275) (2963).

Дагы (20)

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (7/ 261).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 534).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص316).

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (7/ 287).

منحة العلام شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (10/ 17).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (7/ 261).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 534).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص316).

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (7/ 287).

منحة العلام شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (10/ 17).