Skip to content

Ким үч жуманы кайдыгерлик менен калтырса, Аллах анын жүрөгүнө мөөр басат.

Абу ал-Жаад Домри (Аллах андан ыраазы болсун), ал сахабалардан болгон, айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Ким үч жуманы кайдыгерлик менен калтырса, Аллах анын жүрөгүнө мөөр басат."

«مَنْ تَرَكَ ثَلَاثَ جُمَعٍ تَهَاوُنًا بِهَا طَبَعَ اللَّهُ عَلَى قَلْبِهِ».

Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазын таштаган адамдарга эскертти. Кимде-ким жүйөлүү себепсиз, кайдыгерлик жана шалаакылык менен жума намазын үч жолу таштаса, Аллах ага жакшылыктын жетүүсүн тосуп, анын жүрөгүнө мөөр басып, жаап коёрун айтты.

Хадистин пайдалары

Ибн Мунзир жума намазынын парз айн экендиги тууралуу аалымдар бир пикирде экендигин эскерген.

Жуманы кайдыгерлик менен калтыргандарга Аллах алардын жүрөгүнө мөөр басат деген оор жаза убада кылынган.

Кимде-ким жума намазын жүйөлүү себеп менен калтырса, ал хадисте эскерилген азапка дуушар болбойт.

Имам Шавкани мындай деген: "Анын «үч жума» деген сөзүнөн, ал жумалар удаама-удаа келеби же бөлүнүп келеби, жалпысынан калтыруу максат кылынышы ыктымал. Жадагалса ар жылы бирден жуманы калтырса да, үчүнчүсүнөн кийин Аллах Таала анын жүрөгүнө мөөр басат. Бул – хадистин сырткы мааниси. Ошондой эле, удаама-удаа келген үч жума максат кылынышы да ыктымал."

Булактар

Сунан Абу Дауд (2/ 284) (1052).

Сунан ат-Тирмизи (1/ 630) (500).

Сунан ан-Насааи (3/ 88) (1369).

Сунан Ибн Маажа (2/ 213) (1125).

Муснад Ахмад (24/ 255) (15498).

Сунан Абу Дауд (2/ 284) (1052).

Сунан ат-Тирмизи (1/ 630) (500).

Сунан ан-Насааи (3/ 88) (1369).

Сунан Ибн Маажа (2/ 213) (1125).

Муснад Ахмад (24/ 255) (15498).

Дагы (4)

النهاية في غريب الحديث والأثر (557).

شرح سنن أبي داود للعباد (134/ 3).

النهاية في غريب الحديث والأثر (557).

شرح سنن أبي داود للعباد (134/ 3).