Skip to content

"Аллах Таала жакшылыктарды жана жамандыктарды жазып, анан аларды баяндап берген.

Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинин айтканын минтип айткан:

"Аллах Таала жакшылыктарды жана жамандыктарды жазып, анан аларды баяндап берген. Кимде-ким бир жакшылыкты ниет кылып, бирок аткара албай калса, Аллах Таала ага ошол жакшылыкты толук аткарды деп жазат. Эгер ниет кылып, анан ниетиндегини иш жүзүндө аткарса, анда ага ондон жети жүзгө чейин же андан да көп эселеген жакшылыктарды жазат. Эгерде пенде бир жаман ишти ниет кылып, бирок аны аткарбаса, ага толук бир жакшылыкты жазат. А эгер ниет кылып, ниетин иш жүзүндө аткарса, ага бир жамандык жасады деп жазат".

«إنَّ اللهَ كَتَبَ الحَسَنَاتِ وَالسَّيِّئَاتِ، ثُمَّ بَيَّنَ ذَلِكَ، فَمَنْ هَمَّ بِحَسَنَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا؛ كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً، وَإِنْ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا؛ كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ عَشْرَ حَسَنَاتٍ إلَى سَبْعِمِائَةِ ضِعْفٍ إلَى أَضْعَافٍ كَثِيرَةٍ، وَإِنْ هَمَّ بِسَيِّئَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا؛ كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً، وَإِنْ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا؛ كَتَبَهَا اللهُ سَيِّئَةً وَاحِدَةً».

Бухарий жана Муслим «сахих» китептеринде дал ушул сөздөр менен риваят кылышкан
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын жакшылыктар менен жамандыктарды тагдыр кылып, анан аларды эки периштеге кантип жазууну көрсөткөнүн баяндады. Демек, кимде-ким бир жакшылык кылууну кааласа, ниет кылса жана аны аткарууга чечкиндүү киришсе, анда аны аткара албай калса деле ага бир жакшылык жазылат. А эгерде аны аткарса, анда он эседен жети жүз эсеге чейин бир канча эсе көбөйтүлүп жазылат. Бир канча эсе көбөйүү бул жүрөктөгү ыкластуулукка, пайданын келишишне ж.б.у.с. нерселерге жараша болот. Ал эми кимде-ким бир жамандык кылууну каалап, ниет кылып, чечкиндүү киришип анан аны Аллах үчүн таштаса, анда ага бир жакшылык жазылат. Эгерде анын себептерин кылбай, алек болуп таштап койсо, анда ага эч нерсе жазылбайт. А эгерде ал колунан келбей аны таштаса, анда анын ниети жазылат. А эгерде аны аткарса, анда ага бир жамандык эле жазылат.

Хадистин пайдалары

Бул хадис Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер хадис кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок хадис кудсий Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мужизалыгы ж.б.

Аллах Тааланын жакшылыктарды жана жамандыктарды жазгандыгын, андан соң пенделери муну билиши, өз иштеринде ачык-айкын түшүнүктө болушу, ошентип Роббисинин туура жолунда Анын буйругун аткарып, тыюу салганынан тыйылуулары үчүн аны аларга баяндап бергендигин тастыктоо.

Аллах Тааланын бул үммөткө жакшылыктарды жазып жана аларды көбөйтүп, жамандыктарды иш жүзүндө аткаргандан кийин гана жазып, аны бир гана жамандык деп жазуудагы улуу пазилетин баяндоо.

Жакшылыктардын бир канча эсе көбөйүүсү бул жүрөктөгү ыкластуулукка, пайданын башкаларга өтүүсүнө ж.б.у.с. нерселерге жараша болот жана Аллах аны Өзүнүн ырайымдуулугу жана пезилети менен эселеп көбөйтөт.

Улуу Раббиси үчүн, Анын сообунан үмүт кылып жана азабынан коркуп, күнөөнү таштап, анын ырахатынан баш тарткан жана напси каалоосун тыйган пендеге бериле турган артыкчылык баян кылынган.

Аллах Тааланын үммөткө болгон боорукердиги бул – ага жакшылыктарын эселеп көбөйтүп, жамандыктарын көбөйтпөгөндүгү.

Периштелердин бардык амалдарды: жүрөк амалдарын жана дене мүчөлөрүнүн амалдарын жазуусу.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 103) (6491).

Сахих Муслим (1/ 118) (131).

Дагы (7)

التحفة الربانية في شرح الأربعين حديثًا النووية (ص85).

شرح الأربعين النووية.

لابن عثيمين (ص368).

فتح القوي المتين في شرح الأربعين وتتمة الخمسين.

للعباد (ص125).

فتح الباري.

لابن حجر (11/ 324).