Фитна (башаламандык) учурундагы ибадат — Мага хижрат кылып келгендей соопко ээ.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفضائل الأعمال الصالحة
Маъкил ибн Ясар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Фитна (башаламандык) учурундагы ибадат — Мага хижрат кылып келгендей соопко ээ».
«الْعِبَادَةُ فِي الْهَرْجِ كَهِجْرَةٍ إِلَيَّ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бузукулук менен фитна тарап, адам өлтүрүү көбөйүп, элдин иштери башаламан болуп турган оор заманда ибадатка бекем болууга чакырган. Мындай учурда жасалган ибадаттын сообу Пайгамбарга хижрат кылып келгендин сообундай болорун кабарлаган. Анткени андай мезгилде адамдардын көбү ибадаттан кайдыгер тартып, дүнүйөгө алаксып калышат да, ибадатка саналуу гана адамдар убакыт бөлө алышат.
Фитналардан коргонуу жана бузукулуктан сактануу үчүн башаламандык күндөрүндө ибадатка бекем болуп, Аллах Таалага бет алууга чакыруу.
Фитна жана бейкапарлык убагында ибадат кылуунун пазилетин баяндоо.
Мусулман адам фитна жана кайдыгерлик каптаган жерлерден оолак болушу зарыл.
Сахих Муслим (4/ 2268) (2948).
Дагы (4)
كشف المشكل من حديث الصحيحين (2/ 42).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (45/ 5).
بهجة الناظرين (2/ 455).
نزهة المتقين (ص942).