"Кимде-ким эртең менен жана кечинде мечитке барса, анын ар бир барганы үчүн Аллах Таала ага бейиште сый даярдап койот".
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким эртең менен жана кечинде мечитке барса, анын ар бир барганы үчүн Аллах Таала ага бейиште сый даярдап койот".
«مَنْ غَدَا إِلَى الْمَسْجِدِ أَوْ رَاحَ أَعَدَّ اللهُ لَهُ فِي الْجَنَّةِ نُزُلًا، كُلَّمَا غَدَا أَوْ رَاحَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) илим алуу, же ибадат кылуу же башка бир жакшы максатта таң эрте жана күн батарга жакын болобу, кайсы убакытта болбосун мечитке барган адамга ар бир барган сайын бейиште орун жана сый даярдаларын айтып сүйүнчүлөгөн.
Мечитке баруунун артыкчылыгы айтылган жана намазды ар дайым жамаат менен окууга кызыктырган. Мечитке барбай калган адам, Аллахтын үйүн максат кылып барган адамга Аллах Таала Өзү даярдай турган канчалаган жакшылыктан, артыкчылыктан, сооптон, сыйдан куру калат.
Адамдар үйүнө келген конокту сыйлап, анын алдына түркүн тамактарды койот. Алла Таала пенделерден берешен. Аллах мечитке барган адамга чоң сыйды даярдайт.
Мечитке барган адамда кубаныч жана шаттык болот. Анткени, ал эртең менен же кечинде канча жолу барса, ага ошончо сый даярдалат.
Сахих ал-Бухари (1/ 133) (662).
Сахих Муслим (1/ 463) (669).
Дагы (6)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 153).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 166).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 204).