"Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула".
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
"Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула".
«سَيَكُونُ فِي آخِرِ أُمَّتِي أُنَاسٌ يُحَدِّثُونَكُمْ مَا لَمْ تَسْمَعُوا أَنْتُمْ وَلَا آبَاؤُكُمْ، فَإِيَّاكُمْ وَإِيَّاهُمْ».
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнүн акыркыларынан калпты ойлоп чыгарып, өздөрүнөн мурда эч ким айтпаган сөздөрдү айтышып, жалган жана токулма хадистерди айта турган адамдар пайда болоорун кабарлады. Ошентип, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизди алардан алыс болуубузду, алар менен отурбоону жана алардын айткан хадистерин укпоону буйруду. Анткени бул токулма хадистер адамдардын аң-сезиминде калып калат да, андан арыла албай калабыз.
فإياكم إياهم: أمر بالابتعاد عنهم.
Бул хадисте пайгамбарлыктын белгилеринин бири бар. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнө эмне болорун кабар берген жана ал кабар бергендей болду.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жана Ислам динине жалган жалаа жапкандардан алыс болуу жана алардын калпына кулак салбоо керек.
Хадистердин сахих жана далилдүү экендиги тастыкталмайынча аларды кабыл алуу же жарыялоо тууралуу катуу эскертти.
Сахих Муслим (1/ 12) (6).
Дагы (1)
قرة عين المحتاج في شرح مقدمة صحيح مسلم بن الحجاج (2/ 8).