Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканадан чыкканда: "Гуфранака" деп айтчу.
Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканадан чыкканда: "Гуфранака" деп айтчу.
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا خَرَجَ مِنَ الغَائِطِ قَالَ: «غُفْرَانَكَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатын өтөп чыкканда: "О, Аллах, мени кечирүүңдү сураймын" - деп айтчу.
Ажатканадан чыкканда "Гуфранака" деп айтуу сүннөт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык абалдарында Аллахка истигфар айтып, кечирим тилеген.
Ажатканадан чыкканда кечирим тилөөнүн себеби: Аллахтын көптөгөн нээматтарына, анын ичинде заң жана заараны жеңил чыкканына шүгүр айтылбай калганы үчүн. Ажат өтөп жаткан учурда Сага шүгүр келтире албаганым үчүн мени кечир деген маани дешкен.
Сунан Абу Дауд (1/ 24) (30).
Сунан ат-Тирмизи (1/ 57) (7).
Сунан Ибн Маажа (1/ 200) (300).
Муснад Ахмад (42/ 124) (25220).
Дагы (4)
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (1/ 351).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (1/ 397).