Skip to content

«Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла».

Абдулла бин Амр бин Аль-Аас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтты:

«Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла».

«إِنَّ الْإِيمَانَ لَيَخْلَقُ فِي جَوْفِ أَحَدِكُمْ كَمَا يَخْلَقُ الثَّوْبُ الْخَلِقُ، فَاسْأَلُوا اللَّهَ أَنْ يُجَدِّدَ الْإِيمَانَ فِي قُلُوبِكُمْ».

Ал-Хаким жана ат-Табарани жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаңы кийим көп кийилип эскирген сыяктуу мусулмандын жүрөгүндөгү ыйманы да эскирип, алсыз болуп калышы туурасында айтты. Бул ыймандын эскирүүсү ибадаттагы кайдыгерликтен, күнөө кылуудан жана азгырыктарга берилип кетүүдөн болот. Мындай учурда Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) парз ибадаттарды аткаруу менен, көп зикир кылуу жана истигфар айтуу менен ыйманыбызды жаңыртуу үчүн Аллах Таалага дуба кылууга багыт берди.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Аллахтын дининде бекем болууга жана жүрөктөгү ыйманды жаңылап турууга чакырды.

Ыйман – бул сөз, иш-аракет жана ички ишенимден турат. Ал ибадат кылуу менен көтөрүлүп, күнөө кылуу менен ылдыйлайт.

Булактар
Дагы (7)

المستدرك على الصحيحين للحاكم (1/ 45) (5).

المعجم الكبير للطبراني (13/ 36) (84).

النهاية في غريب الحديث والأثر.

ص(282).

النهاية (1/316).

فيض القدير (2/323).

التنوير شرح الجامع الصغير (3/434).