Skip to content

Аллахка эч нерсени шерик кошпоого, уурулук кылбоого жана зына кылбоого мага убада бергиле.

Бадр согушуна катышкан жана Акаба түнүндөгү өкүлдөрдүн бири болгон Убада ибн Сомит (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айланасында сахабаларынын бир тобу турганда мынтип айткан:

"«Мага Аллахка эч нерсени шерик кошпоого, уурулук кылбоого, зына кылбоого, балдарыңарды өлтүрбөөгө, бирөөнүн кылбаган ишин кылды деп жалган-жала жаппоого жана жакшы иште каршы чыкпоого убада бергиле. Силерден ким убадасын аткарса, анын сообу Аллахтан болот. Ал эми кимде-ким булардан бир нерсе жасап коюп, бул дүйнөдө жазаланса, ал ал үчүн кафарат болот. Ал эми ким булардан бир нерсе жасап коюп, анан Аллах аны жашырса, анын иши Аллахка тапшырылат: эгер кааласа аны кечирет, эгер кааласа аны жазалайт». Биз ага ушул нерселер үчүн убада бердик."

«بَايِعُونِي عَلَى أَلَّا تُشْرِكُوا بِاللَّهِ شَيْئًا، وَلاَ تَسْرِقُوا، وَلاَ تَزْنُوا، وَلاَ تَقْتُلُوا أَوْلاَدَكُمْ، وَلاَ تَأْتُوا بِبُهْتَانٍ تَفْتَرُونَهُ بَيْنَ أَيْدِيكُمْ وَأَرْجُلِكُمْ، وَلاَ تَعْصُوا فِي مَعْرُوفٍ، فَمَنْ وَفَى مِنْكُمْ فَأَجْرُهُ عَلَى اللَّهِ، وَمَنْ أَصَابَ مِنْ ذَلِكَ شَيْئًا فَعُوقِبَ فِي الدُّنْيَا فَهُوَ كَفَّارَةٌ لَهُ، وَمَنْ أَصَابَ مِنْ ذَلِكَ شَيْئًا ثُمَّ سَتَرَهُ اللَّهُ فَهُوَ إِلَى اللَّهِ، إِنْ شَاءَ عَفَا عَنْهُ وَإِنْ شَاءَ عَاقَبَهُ» فَبَايَعْنَاهُ عَلَى ذَلِكَ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Улуу Бадр согушуна катышкандардын бири жана Минадагы Акаба түнүндө – Пайгамбардын Мадинага хижрат кылуусунан мурда Меккеде болгон кезинде – Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жардам берүү үчүн убада берүүгө алдыга чыккан коомунун өкүлү болгон Убада ибн Сомит (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп кабарлайт: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынын арасында олтурган эле, ошондо ал алардан кээ бир иштер боюнча ага убада берүүлөрүн сурады: Биринчи: Аллахка ибадат кылууда аз болсо да эч нерсени шерик кылышпайт. Экинчи: Уурдашпайт. Үчүнчү: Зына бузукулугун кылышпайт. Төртүнчү: Балдарын, жокчулуктан коркуп эркек балдарын же уяттан коркуп кыз балдарын өлтүрбөө. Бешинчи: Кол-буттарынын ортосунда өздөрү ойлоп тапкан (токуган) жалганды алып келишпейт. Анткени башка дене мүчөлөрү катышса да, иш-аракеттердин көбү ушул экөө менен аткарылат. Алтынчы: Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшы иштерде моюн сунуп, каршы чыкпоо. Алардан кимде-ким убадасына бекем туруп, аны аткарса, анын сыйлыгын Аллах берет. Ал эми кимде-ким айтылгандардан бир нерсени кылып – ширктен башкасын – ал үчүн бул дүйнөдө ага жаза колдонулуп жазаланса, бул ал үчүн күнөөсүнүн кечирилишине себеп болот жана муну менен күнөө кечирилет. Ал эми кимде-ким алардан бир нерсени кылып, андан кийин Аллах аны жашырса, анын иши Аллахка тапшырылат; эгер Ал кааласа аны кечирет, эгер кааласа аны жазалайт. Ошентип, бардык катышып олтургандар ушул нерсе боюнча ага убада беришти.

Хадистин пайдалары

Аларга жихад парз кылынуудан мурда Меккедеги биринчи Акаба келишиминде камтылган нерселердин баяны.

Ас-Синди мынтип айткан: "Анын «жакшылыкта» деген сөзү: анын бардык буйруктары жакшылык экени жана андан ага каршы нерсе болушу мүмкүн эмес экендиги жашыруун эмес. Демек, анын «жакшылыкта» деп айтканы — баш ийүүнүн милдеттүү болуу себебин эскертүү, жакшылык болбогон иштерде башчыга баш ийүүгө болбой тургандыгын билдирүү, ошондой эле убада берүүдө чексиз эмес, жакшылыкта гана баш ийүүнү шарт кылуу керектигин билдирүү үчүн."

Мухаммад ибн Исмаил ат-Тайми жана башкалар айтышат: "Балдарды өлтүрүү атайын бөлүп айтылды. Себеби, бул – өлтүрүү жана тууганчылык байланышты үзүү болуп саналат. Ошондуктан андан тыюуга өзгөчө маани берилген. Ошондой эле, бул алардын арасында кеңири таралган көрүнүш эле. Ал – кыздарды тирүүлөй көмүү жана жокчулуктан коркуп уулдарын өлтүрүү болгон. Же болбосо, аларды атайын эскерип айтканынын себеби – алар өздөрүн коргой алышкан эмес."

Имам Навави айтты: "Бул хадистин жалпы мааниси Аллах Тааланын: «Чындыгында, Аллах Өзүнө бир нерсенин шерик кылынышын кечирбейт» деген сөзү менен чектелет. Ошондуктан, муртад динден чыккан абалында өлүм менен жазаланса, бул өлүм ал үчүн кафарат боло албайт."

Казы Ияд айтты: "Аалымдардын көпчүлүгү хадд (шарият белгилеп койгон жазалар) жазалары кафарат болот деген пикирде."

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 12) (18).

Сахих Муслим (3/ 1333) (1709).

Дагы (2)

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 99).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (24/ 277).