Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الفَتح

الفَتح is chapter 48 of the Quran and has 29 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

29 Аяттар Сүрөнүн номери 48
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِنَّا فَتَحۡنَا لَكَ فَتۡحٗا مُّبِينٗا

(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик.

Explanation & meanings · 1
  1. Хижранын алтынчы жылында Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам миңден ашык сахабалары менен Умра зыяратын жасоо үчүн Меккеге келишет. Бирок, шаарга жакын «Худайбия» деген жерден аларды Мекке мушриктери шаарга киргизбей тосуп чыгышат. Ортодо чоң чыр, талаш-тартыш башталып, мусулмандар акыркы деми, бир тамчы каны калганга чейин душман менен кармашууга ант (байьат) беришет. Бул антташуу «Байьатур-ризван» (Аллахты ыраазы кылган ант) деген ат менен Ислам тарыхына кирген. Талаш-тартыштын натыйжасы мусулмандар менен мушриктердин ортосунда он жылдык тынчтык, өз ара кол салбастык келишиминин түзүлүшү менен бүтөт. Келишим боюнча мусулмандар бул жолкусунда Меккеге кирбей кайтып кетишет. Кийинки жылда келишкенде мушриктер шаарды бошотуп беришет. Араб урууларынан каалаганы мусулмандарга, каалаганы мушриктерге кошулууга укуктуу болот ж.б.у.с. көп маселелер каралат. Бул келишимде мушриктерге көбүрөөк укук каралгандыктан жана Меккеде төрөлүп чоңойгон мусулмандар алты жылдык сагыныч-кусалыктарынан кийин «Туулган шаарымды көрөмүн, Байтуллахты тооп кылып, Аллахка ибадат кыламын» деп турганда, шаардын астанасынан кайтып кетип жатышкандыктан, кээ бирөөлөр муну жеңилиш катары кабыл алышат. Бирок, Аллах тааланын вахийи менен гана иш жүргүзгөн пайгамбарыбыз келишим шарттары канчалык оор болсо да, он жылдык тынчтык мөөнөтүндө Ислам динин көбүрөөк жүрөктөргө жеткирүү мүмкүнчүлүгү тургандыктан, сабыр кылат жана момундарды да сабыр кылууга чакырат. «Худайбия келишими» чын-чынына келгенде мусулмандар үчүн жеңиштин башталышы болду. Ушул жылдан кийин оож алган даават натыйжасында тегеректеги араб уруулары, топ-топ болуп Исламды кабыл ала башташты. Бул сүрө мусулмандар Худайбиядан кайтып келе жатышканда түшкөн.

لِّيَغۡفِرَ لَكَ ٱللَّهُ مَا تَقَدَّمَ مِن ذَنۢبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ وَيُتِمَّ نِعۡمَتَهُۥ عَلَيۡكَ وَيَهۡدِيَكَ صِرَٰطٗا مُّسۡتَقِيمٗا

Аллах сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, жакшылыгын толук-кемчилдиксиз берип, туура жолго башташы үчүн

وَيَنصُرَكَ ٱللَّهُ نَصۡرًا عَزِيزًا

жана Аллах сага чоң жардам бериши үчүн.

هُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ ٱلسَّكِينَةَ فِي قُلُوبِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ لِيَزۡدَادُوٓاْ إِيمَٰنٗا مَّعَ إِيمَٰنِهِمۡۗ وَلِلَّهِ جُنُودُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا

(Аллах) алардын ыймандарынын үстүнө(дагы) ыйманды көбөйтүп бериши үчүн момундардын жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү. Асмандар менен жердин (бардык) аскерлери Аллахтын колунда. Аллах Билүүчү, Даанышман.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул – ыймандын көбөйүп-азайып турушуна далил болгон аяттардын бири.

لِّيُدۡخِلَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا وَيُكَفِّرَ عَنۡهُمۡ سَيِّـَٔاتِهِمۡۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عِندَ ٱللَّهِ فَوۡزًا عَظِيمٗا

Момун эркектерди жана момун аялдарды (сыноодон өткөргөндөн соң) түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизүү үчүн. Жана алардын күнөөлөрүн өчүрүш үчүн. Бул нерсе Аллахтын алдында чоң жеңиш!