48 : 24
وَهُوَ ٱلَّذِي كَفَّ أَيۡدِيَهُمۡ عَنكُمۡ وَأَيۡدِيَكُمۡ عَنۡهُم بِبَطۡنِ مَكَّةَ مِنۢ بَعۡدِ أَنۡ أَظۡفَرَكُمۡ عَلَيۡهِمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرًا
Жана (Аллах) Меккенин (чекарасынын) ичинде, силерди алардан үстөм кылып койсо да, силердин колуңарды алардан, алардын колун силерден тыйып койду. Аллах жасаган ишиңерди Көрүүчү!
Explanation & meanings · 1
- Худайбияда мусулмандардын жолун сексен чакты мушрик атчандары тосуп чыгышат. Албетте, бир жарым миңге жакын мусулмандар алардан үстөм-жогору эле. Бирок, өз ара кол салышуу болбоду.