48 : 6
وَيُعَذِّبَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡمُشۡرِكِينَ وَٱلۡمُشۡرِكَٰتِ ٱلظَّآنِّينَ بِٱللَّهِ ظَنَّ ٱلسَّوۡءِۚ عَلَيۡهِمۡ دَآئِرَةُ ٱلسَّوۡءِۖ وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡ وَلَعَنَهُمۡ وَأَعَدَّ لَهُمۡ جَهَنَّمَۖ وَسَآءَتۡ مَصِيرٗا
Жана Аллах жөнүндө жаман ойлогон мунаафык эркектерди, мунаафык аялдарды, мушрик эркектерди жана мушрик аялдарды (Дүйнө-Акыретте) азаптоо үчүн. Алардын (мушриктердин өз) башына балээ түштү. Аллах аларга каарын төгүп, наалат айтты жана тозокту даярдап койду. Ал кандай жаман орун!
Explanation & meanings · 1
- Сыртынан мушриктердин жеңишиндей көрүнгөн Худайбия келишими түзүлгөндө кээ бир мунаафык, мушрик адамдар «Аллах момундарга жардам бербеди. Эми алардын башына балээ келет» деп Аллахка жаман күмөндө болушкан.