Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

طه

طه is chapter 20 of the Quran and has 135 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

135 Аяттар Сүрөнүн номери 20
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

طه

Таа – хаа.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

مَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡقُرۡءَانَ لِتَشۡقَىٰٓ

(Оо, Мухаммад!) Биз сага Куранды бактысыз болушуң үчүн түшүрбөдүк.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул дин буюрган нерселер өтө жеңил. Аларды аткаргандар эч кандай машакат чегишпейт.

إِلَّا تَذۡكِرَةٗ لِّمَن يَخۡشَىٰ

Тескерисинче, (Аллахтан) корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк.

تَنزِيلٗا مِّمَّنۡ خَلَقَ ٱلۡأَرۡضَ وَٱلسَّمَٰوَٰتِ ٱلۡعُلَى

(Бул Куран) Жерди жана жогорку асмандарды жараткан Зат – Аллахтан түшкөн!

ٱلرَّحۡمَٰنُ عَلَى ٱلۡعَرۡشِ ٱسۡتَوَىٰ

(Ал – ) Чексиз Ырайымдуу (Аллах), Арштын үстүнө көтөрүлдү.

Explanation & meanings · 1
  1. Биз «көтөрүлдү» деп которгон сөздүн арабчасы «Истиваа». «Аль-Муьжам аль-васийт» сөздүгүндє: ( استوى ) على كذا أو فوقه علا و صعد «Бир нерсеге истиваа кылуу – бул анын үстүнө көтөрүлүү жана бийик болуу» деп түшүндүрүлгөн. Табеиндердин арасынан чыккан белгилүү аалым Мужахид ибн Жабр дагы «Аллахтын истиваасы – бул Анын көтөрүлгөнү» деп тафсир кылган. ( «Сахихул Бухарий маьа Фатхил Баарий» 13/403). Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Аллах калк-калайыкты жаратканда Өзүнүн алдындагы, Арштын үстүндөгү Китепке: «Менин ырайымым ачуумдан үстөмдүк кылды» деп жазган». (Бухарий: 7404, Муслим: 2751, Термизий: 3543, Ибн Мажжа: 4295). Ошондой эле, ханафий мазхабынын имамдарынан бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و كذا لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).