Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

مَريَم

مَريَم is chapter 19 of the Quran and has 98 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

98 Аяттар Сүрөнүн номери 19
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

كٓهيعٓصٓ

Каф, Хаа, Яаа, Айн, Саад.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

ذِكۡرُ رَحۡمَتِ رَبِّكَ عَبۡدَهُۥ زَكَرِيَّآ

(Бул – ) сенин Раббиң пендеси Закарияга берген ырайымынын кабары.

إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥ نِدَآءً خَفِيّٗا

Эстегин, ал Раббисине жашыруун түрдө жалбарып,

قَالَ رَبِّ إِنِّي وَهَنَ ٱلۡعَظۡمُ مِنِّي وَٱشۡتَعَلَ ٱلرَّأۡسُ شَيۡبٗا وَلَمۡ أَكُنۢ بِدُعَآئِكَ رَبِّ شَقِيّٗا

(мындай) деди: «Оо, Раббим! Менин муун-сөөктөрүм алсырап, карылыктан чачымды ак баса баштады! Оо, Раббим, мен эч качан Сага дуба кылып таалайсыз болгон эмесмин!

وَإِنِّي خِفۡتُ ٱلۡمَوَٰلِيَ مِن وَرَآءِي وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا فَهَبۡ لِي مِن لَّدُنكَ وَلِيّٗا

Мен артымдагы жакындарымдан кооптонуп жатамын. Аялым төрөбөс болуп калган. Өз даргөйүңдөн мага бир дос (перзент) берчи?!

Explanation & meanings · 1
  1. Себеби, анын коомунда анын ишин (жалгыз Аллахка чакыруу милдетин) аркалоого ылайыктуу адам калбай калган. Закария өз жакындарын жана элин түз жолдон адашып кетпесе экен деп, кооптонуп, бир перзентим болсо, ишимди улантып кетээр эле деп үмүт кылууда.