20 : 60
فَتَوَلَّىٰ فِرۡعَوۡنُ فَجَمَعَ كَيۡدَهُۥ ثُمَّ أَتَىٰ
Фараон барып өзүнүн айлакер-амалкерлерин жыйнап (убадаланган күндө, убада кылынган жерге) келди.
Explanation & meanings · 1
- Ал мамлекеттин бардык булуң-бурчуна чабарман жиберип, кайсыл жерде күчтүү сыйкырчы болсо, баарын жыйнап келди. Чоң, жайдак майданга мамлекеттин ар тарабынан келген эл батпай, кылкылдайт. Алар бири-бирине «чогулуп бүттүңөрбү? Эми, сыйкырчылар жеңип чыкса, бардыгыбыз аларды ээрчип калабыз ээ?» дешип, акмалап турушту. Муса учурдан пайдаланып, бардык адамдар уккандай бийик добуш менен каршылаштарына сүйлөдү. Максаты, элге да бир нерсе айтып калуу.