20 : 74
إِنَّهُۥ مَن يَأۡتِ رَبَّهُۥ مُجۡرِمٗا فَإِنَّ لَهُۥ جَهَنَّمَ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ
Чынында, ким (Кыяматта) Раббисине күнөөкөр (каапыр) абалда барса ага сөзсүз тозок бар. (Ал анда) же өлө албайт, же жашай албайт!
Explanation & meanings · 1
- Ичин өрттөп жибере турган «заккум» дарагын жегенде, чаңкап, суусап, суу ичкиси келген убакта ириң сыяктуу, кайнап турган, оозуна жакындашканда ысыгы жүз терисин шылып жибере турган ичимдиктер мажбурлап ичирилгенде ж.б. адам чыдагыс азаптар болгондо өлгүсү келет, бирок, өлсө кана! Бейиштегилердин ырахатта жашагандарын көрүп, ошондой жашоону эңсешет, бирок, ошондой жашоого жетсе кана!