20 : 135
قُلۡ كُلّٞ مُّتَرَبِّصٞ فَتَرَبَّصُواْۖ فَسَتَعۡلَمُونَ مَنۡ أَصۡحَٰبُ ٱلصِّرَٰطِ ٱلسَّوِيِّ وَمَنِ ٱهۡتَدَىٰ
Айткын: «Бардыгыбыз күтүүдөбүз. Силер да күтө бергиле. Жакында ким туура жолдун ээси болуп (адашпай) баратканын билип аласыңар.
Explanation & meanings · 1
- Мусулмандар эки жакшылыктын бирин – же жеңишти, же бейишти күтүшөт. Каапырларды да эки нерсе күтөт: же ушул дүйнөдө башына балээ азап келип, кыйрап калышат. Же эгер Аллах кыяматка чейин мөөнөт берген адамдардан болсо, канча көп жашаса, ошончо көп күнөө жыйнап, Акыретте өзүн күткөн тозокко барышат.