20 : 12
إِنِّيٓ أَنَا۠ رَبُّكَ فَٱخۡلَعۡ نَعۡلَيۡكَ إِنَّكَ بِٱلۡوَادِ ٱلۡمُقَدَّسِ طُوٗى
«Мен сенин Раббиң боломун! Чокойуңду чеч! Сен Ыйык Тува өрөөнүндөсүң!
Explanation & meanings · 1
- Бул өрөөндүн ыйыктыгынын себеби, Аллах таала дал ошол жерди сүйлөшүү үчүн тандаганында. Ыйык жерди бут кийим менен басууга мүмкүн эмес болгону себептүү Аллах таала «чокойуңду чеч» деп буюрууда. Ал эми, кээ бир тафсир аалымдары «Мунун себеби, Мусанын чокойу эшектин терисинен тигилген болчу» деп түшүндүрүшөт. Чындыкты Аллах гана билет.