Skip to content
طه /

Аят 109

20 : 109
طه Аяттар 135
Сүрө · طه
Kyrgyz · Hakimov
20 : 109

يَوۡمَئِذٖ لَّا تَنفَعُ ٱلشَّفَٰعَةُ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَرَضِيَ لَهُۥ قَوۡلٗا

Ал күнү Чексиз Ырайымдуу уруксат бергендерге жана сөзүнөн Аллах ыраазы болгондорго гана шапаат пайда берет.

Explanation & meanings · 1
  1. Аллахтын «Рахман» (Чексиз Ырайымдуу) деген ысым-сыпаты көп колдонулууда. Мына бул аятта дагы «Чексиз Ырайымдуу уруксат бергендерге» деп айтылды. Акыйкатта, Кыямат - Чын дүйнө. Аллахтын Ырайым-рахматынын токсон тогуз бөлүгү ошол жакта: Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам айткан: «Аллах жүз ырайымынын бирөөсүн гана (бул дүйнөдөгү) пенделерине (ж.б. жан-жаныбарларга) түшүрдү. Жадагалса бир жаныбар өзүнүн баласын тебелеп алуудан абайлап, бутун көтөрүүсү дагы ошол бир ырайымдын үлүшүнөн. Кыямат болгондо ошол бир ырайым токсон тогузуна кошулуп, Аллах Өз пенделерине толук Ырайымын көргөзөт».