19 : 87
لَّا يَمۡلِكُونَ ٱلشَّفَٰعَةَ إِلَّا مَنِ ٱتَّخَذَ عِندَ ٱلرَّحۡمَٰنِ عَهۡدٗا
(Ал жерде) Чексиз Ырайымдуу (Аллах) менен убада-келишими (ыйманы) бар адамдар гана шапаатка ээ боло алышат.
Explanation & meanings · 1
- «Шапаат» – бул кыяматтагы пайгамбарлардын, салих, олуя кишилердин ортомчулугу. Алар Аллах уруксат берсе, адамдын кээ бир күнөөлөрүн кечирүүнү сурап, пенде менен Аллахтын ортосуна түшүшөт. Пенденин ыйман келтирип, ислам амалдарын аткарышы – бул Аллах менен түзүлгөн келишим сыяктуу: «Эгер мен (Оо, Аллах) сенин айткандарыңды аткарсам, мени бейишке чыгарасың» маанисинде.