Skip to content
مَريَم /

Аят 34

19 : 34
مَريَم Аяттар 98
Сүрө · مَريَم
Kyrgyz · Hakimov
19 : 34

ذَٰلِكَ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَۖ قَوۡلَ ٱلۡحَقِّ ٱلَّذِي فِيهِ يَمۡتَرُونَ

(Яхудилер менен христиандар) шек-күмөндө болуп жаткан Мариямдын уулу Иса (жөнүндөгү) Акыйкат Зат (Аллах)тын Сөзү – ушул.

Explanation & meanings · 1
  1. Иса жөнүндө не яхудилер, не христиандар анык, далилдүү пикир айта алышпайт. Бардык айткандары шек-күмөндөргө негизделген. Ошондон улам бирөөлөрү аны «тирүү кудай» десе, башкасы аны «кудайдын уулу», дагы бирөөлөрү «үч кудайдын үчүнчүсү» дешет. Жогорку аяттагы сөздөр гана Иса жөнүндө акыйкатты баян кылган: Ал Аллахтын Кудуретинин белгиси, («бол» дегенден улам жаралган) Сөзү жана салих пайгамбары.