Skip to content
مَريَم /

Аят 96

19 : 96
مَريَم Аяттар 98
Сүрө · مَريَم
Kyrgyz · Hakimov
19 : 96

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَيَجۡعَلُ لَهُمُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وُدّٗا

Албетте, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар үчүн Чексиз Ырайымдуу Аллах сүйүүнү жаратат.

Explanation & meanings · 1
  1. Андай адамдарды Аллах Өзү да сүйөт, башка макулуктарына да сүйдүрөт. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам өзүнүн бир хадисинде мындай деген: «Аллах бир пендени сүйүп калса, Жебирейил периштеге: «Мен баланчаны сүйдүм, сен да сүйгүнүң» дейт. Жебирейил аны сүйүп калат. Кийин, ал асман элдерине (периштелерге) кайрылып айтат: «Эй, силер! Аллах баланчаны сүйдү, силер да сүйгүлө!» Анан аны асман элдери да сүйүп калат. Кийин анын сүйүүсү жер бетинде да (жашоочулары тарабынан) кабылданат».