Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

يُوسُف

يُوسُف is chapter 12 of the Quran and has 111 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

111 Аяттар Сүрөнүн номери 12
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

الٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ

Алиф. Лам, Раа. Булар айкын Китеп аяттары.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ قُرۡءَٰنًا عَرَبِيّٗا لَّعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ

Чынында, Биз акыл жүгүртүшүңөр үчүн Куранды араб тилинде түшүрдүк.

نَحۡنُ نَقُصُّ عَلَيۡكَ أَحۡسَنَ ٱلۡقَصَصِ بِمَآ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ وَإِن كُنتَ مِن قَبۡلِهِۦ لَمِنَ ٱلۡغَٰفِلِينَ

(О, Мухаммад) Биз сага бул Куранды вахий кылуу менен икаялардын эң мыктысын айтып беребиз. Буга чейин сен муну билбейт болчусуң.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул икаяга көп тафсир китептеринде яхуди булактарындагы жалган окуялар кошулуп кеткен. Курани Карим түшүндүрмөсүнө яхуди булактарын негиз кылып алуу туура эмес.

إِذۡ قَالَ يُوسُفُ لِأَبِيهِ يَٰٓأَبَتِ إِنِّي رَأَيۡتُ أَحَدَ عَشَرَ كَوۡكَبٗا وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ رَأَيۡتُهُمۡ لِي سَٰجِدِينَ

Бир кезде, Юсуф атасына: “О, атаке, мен түшүмдө Күн, Ай жана он бир жылдызды мага сажда (таазим) кылганын көрдүм” деди.

Explanation & meanings · 1
  1. Аллах кимди улук ишке тандаса, биринчи кадамдарын таштоосуна ушул сыяктуу ишаараттарды берет. Юсуфтун бул түшүндө Аллах ага келечектеги өз башынан өтчү окуяларды билдирген. Түштөгү Күн - атасы Яькуб. Яькуб - Ибрахимдин кенже уулу Исхактын баласы. Ай апасы. Жылдыздар агалары. Алар оболу атасынын сүймөнчүгү Юсуфка ичи тардык, душмандык кылып жүрүп, акыр аягында ага моюн сунушат.

قَالَ يَٰبُنَيَّ لَا تَقۡصُصۡ رُءۡيَاكَ عَلَىٰٓ إِخۡوَتِكَ فَيَكِيدُواْ لَكَ كَيۡدًاۖ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ لِلۡإِنسَٰنِ عَدُوّٞ مُّبِينٞ

(Анда атасы) айтты: “О, балам! (Бул) түшүңдү агаларыңа айта көрбө сага каршы амалкерлик кылышат. (Анткени,) Шайтан инсанга анык душман.