12 : 30
۞ وَقَالَ نِسۡوَةٞ فِي ٱلۡمَدِينَةِ ٱمۡرَأَتُ ٱلۡعَزِيزِ تُرَٰوِدُ فَتَىٰهَا عَن نَّفۡسِهِۦۖ قَدۡ شَغَفَهَا حُبًّاۖ إِنَّا لَنَرَىٰهَا فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Шаардагы аялдар (ушак) айта баштады: “(Уктуңарбы), вазирдин аялы өз кызматкерин азгырууну каалаптыр. Аябай сүйүп калган го. (Ошентсе да) биз аны анык адашуучулукта деп билебиз”.
Explanation & meanings · 1
- Аялдардын сөздөрү, бир тараптан, асил-насили ак сөөк болгон канышанын, кызматчы менен “болгусу” келгени чындап айыптоо болсо, экинчи тараптан Юсуфтун эл оозунда жомок болгон сулуулугун көрүү үчүн жасаган айлакерликтери эле. Алар каныша өзүн “анча-мынчага” азгырыла бербестигин далилдеш үчүн аларга Юсуфту көргөзүүсүнөн үмүт кылышкан. Натыйжада, айлакерликтери натыйжа берди.