Skip to content
يُوسُف /

Аят 67

12 : 67

Аят 67 of يُوسُف (12 : 67). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

يُوسُف Аяттар 111
Сүрө · يُوسُف
Kyrgyz · Hakimov
12 : 67

وَقَالَ يَٰبَنِيَّ لَا تَدۡخُلُواْ مِنۢ بَابٖ وَٰحِدٖ وَٱدۡخُلُواْ مِنۡ أَبۡوَٰبٖ مُّتَفَرِّقَةٖۖ وَمَآ أُغۡنِي عَنكُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٍۖ إِنِ ٱلۡحُكۡمُ إِلَّا لِلَّهِۖ عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُۖ وَعَلَيۡهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ

Айтты: «О, уулдарым! (Шаарга) бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктерден киргиле. Бирок, муну менен Аллах тарабынан белгиленген нерседен эч бирин силерден тосо албаймын. Өкүм Аллахка гана таандык. Өзүнө гана тобокел кылдым. Тобокел кылуучулар Анын Өзүнө гана таянсын!»

Explanation & meanings · 1
  1. Яькуб ушул сөздөрдөн соң аларга Биняминди кошуп берди жана узатып жатып “Бардыгыңар Мисир шаарынын бир дарбазасынан кирбегиле’’ деп осуят кылды. Себеби он бир эр-азамат уул чогуу бараткан эле. Яькуб аларга көз тийбесин деп, боору ооруганынан ушул сөздү айтты. Эмесе, Аллахтын тагдырын эч нерсе өзгөртө албасын, эгер миң сактанса да тагдырдагы нерсе болоорун Ал жакшы билген, бирок ушуну менен жүрөгүн жеңилдетип алган.